Жарым айдан бери басма сөз беттеринде президенттик аппараттын Соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы Манасбек Арабаевдин ишкерлик репутациясы күмөндүү судьяларды калкалап келаткандыгы, айрым ишкерлердин кызыкчылыгын соттордо коргоп, “ортомчулук” вазийпаны жогорку деңгээлде аткарып, бат байыганы жазылып, ал кызуу талкууланып жатат. “Жанында коррупцияны символу олтурса президент Сооронбай Жээнбеков коррупция менен кантип күрөшөт”,- деп жерге түкүргөндөр өтө көп. Ошого байланыштуу Манасбек Матаевич Арабаевге айрым “ыңгаймыз суроолорду” жолдоого аргасыз болдук...

 

1. Сизди сот системасынын “серый кардиналы” катары айтып жүрүшөт. Өздөрүнүн иш тарыйбасында далай адамдардын кагышына калганы сөз болуп келаткан судялар Алымкулов, Архарова, Бакирова, Воронцова, Джунушбаев жана Орозованы Жогорку Соттун судьялыгына алып келүүгө жанталашып жатканыңыз чынбы? Алдын-ала минтип тизме түзүлүп калган болсо аларды тандап, шайлоо өткөзүүнүн кажети канчалык? Бул аракетиңиз канчалык туура жана президент менен макулдашылганбы? Булардан алдын-ала акчаларды алып койгонуңуз чынбы?

2. “Синьхуа Цайфун” деп аталган Чен Мао Чун, Гао Вый Жын жана Абдисаит Керимбеков аттуу эл аралык шылуундардан турган компаниянын кызыкчылыгын соттордо коргоп, алардан 1 миллион доллар алганыңыз туура кеппи?

3. Ошол акчадан президенттик аппарат жетекчисинин орун басары Алмамбет Салиев менен да бөлүштүңүз беле?

4. Ошондо сиздин сотторго кийлигишкениңизден улам, бул эл аралык шылуундардын бетин күнү-түнү иштеп ачкан МУКК, Башкы прокуратура, Финполиция, ИИМдин тажрыйбалуу адистеринин иши текке кетип жатканын түшүнүп жатасызбы? Андан тышкары, Атамбаевдин учурунда бул шылуундарды айыптуу тапкан 26 соттун да эмгегин өлтүрүп жатканыңызды эске аласызбы?

5. Мынчалык кыйын экенсиз, анда эмнеге Атамбаевдин тушунда азыркыдай жандалбастап, “серый кардинал” боло албадыңыз? Же экс-президенттин күчтүү талабынан гана коркуп жүрүп, эми ал кетип, жаңысы эчтекени түшүнө электе кырдаалдан пайдаланып калуу аракетиңизби? Анан да, эл ичинде Атамбаев менен Жээнбековдун мамилеси начарлай түшкөнү, “алардын ортосуна Манасбек Арабаев менен Алмамбет Салиев от жагып жатат”- деген кептин чындыгы барбы? А Фарид Ниязов да сиздердин былык иштериңерден тажаганы үчүн кетүүго арыз жазгандыгы тууралуу ушактар таркады, ага сиздерден жооп? Ал кетсе ордуна ким келет: Манасбек Арабаевби же Алмамбет Салиевби?

6. Президенттик аппарат жетекчисинин орун басары Алмамбет Салиевди да аферисттерди коргоп судьяларды кабинетке чакырганы, жаңыдан сотторду тандоого анын да киришип жатканы эл ичинде сөз болуп жатат. Сиз аны менен да бөлүшүп, Алмамбетти байытып жатасыызбы же ал бечара майда-чүйдө гана акчага алданып олтурабы?

7.

ххх

Арийне, президент Сооронбай Жээнбековдун жанында ким жүрөт? Манасбек Матаевич ким өзү? Жоопту күтө туралы... Ага чейин Манасбектин дагы кайсы иштерге башын салып, кимдер менен бөлүшүп акча жасаганы тууралуу шумдуктуу маалыматтар жөнүндө да суроолорубуз бар, камдап турабыз. Аны албетте ачыктайбыз!

Булак: “Саясат.kg”