“Сооронбай Жээнбеков бараткан жолунан адашса, чоң жаңжалга кабылат”

 

- Жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбеков кимдир бирөөлөрдүн сөзүнө азгырылбай, башкаларга жетеленбей, өз жолу менен иштесе ага оомат келет деген аян келди. Ошондой эле Жээнбековдун жолу ачылып, жараткандан мээрим төгүлүп, нур түшүп жатат. Булар үй-бүлөсү менен намаз окуган, кудайга ишенген, ата тегинде чоң касиети бар, колдоочусу күчтүү адам экен.

Жээнбеков “эл үчүн иштейм, тарыхта алтын тамга менен жазылып калган президент болом” деп шымаланып жатат. Бирок, сак болбосо, жанындагы жан-жөөкөрлөрү мурунку президенттен да оор тагдырга кептеп коюшу ыктымал. Бул канчалык ак жүрөк болуп иштейм дегени менен мурунку бийликтин адамдары жаманатты кылып коюшу толук  мүмкүн. Ошондой эле Сооронбай Жээнбеков бараткан жолунан адашса, чоң жаңжалга кабылышы мүмкүн деген да алдын ала эскертүү берилип жатат. Ошон үчүн кандай кадам таштаса да ойлонуп, башкаларга 100 пайыз ишенбей акыл калчап, жүрөгүн угушу керек.

 

“6 айдан кийин Жээнбеков менен Атамбаевдин командасындагы тиреш күчөйт”

 

- 2018-жылы Кудай буюрса, Кыргызстанга киреше кирип, майда ишканалар курулат. Жаштар үчүн чоң-чоң үч имарат түшөт. Жаңы президент жакын арада эки мамлекетке барып, мамлекет үчүн пайдалуу болгон келишимдерге кол коюп келет. Иштин башы жакшы эле башталат. Бирок, жыл Атамбаев менен Жээнбековдун командасындагы тирештер менен жыйынтыкталат. Убакыттын өтүшү менен “бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарабыз”- деген Жээнбеков менен Атамбаевдин командасындагы тиреш күчөп, бири-бирин сындырам, жок кылам деген аракет менен күн кечирип калышат. Анткени, Атамбаев президенттик тактан кетти дегенибиз менен ал таасиринен кол жууп калгысы келбей, бийликке келүү аракетин көрө баштайт.

 

“Жээнбеков Атамбаевдин кадрларынын зоболосун көтөрбөшү керек”

 

- Экс-президент Алмазбек Атамбаев “кийлигишпейм, мен өз сыйым менен болом”- дегени менен 6 айдан кийин бийликке таасирин тийгизип, бийлик бутактарына келүүнү көздөп, тымызын аракетин баштайт. Мына ошол мезгилде жаңы президент Сооронбай Жээнбеков менен экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кадрларынын ортосундагы тирештер күч алып, ич ара ыркы кетет. Сооронбай Жээнбеков  тынч иштейм десе, Атамбаевдин кадрларын ишке алып, алардын зоболосун көтөрүүдөн сак болушу керек. Болбосо, “мага кантип жамандык кылмак эле”- деп ишенген кадрлары Сооронбай Жээнбековду аңга түртүп коюшу мүмкүн.

 

“Жакында үч министр алмашып, бирине кылмыш иши козголот”

 

- Мага келген аяндарга караганда “кыйратып иштеп жатам, жөнөкөй премьер-министр болдум. Элди аралап жүрөм, маселени жеринде чечем” дегенине карабай Сапар Исаков күтүлбөгөн жерден кызматынан кол жууйт. Аны кыртышы сүйбөгөндөр көп. Кыскасы, күтүлбөгөн жерден кызматтан кетет. Ал эле эмес, Абдил Сегизбаев жана Индира Жолдубаева да ээлеп турган кызматынан кетет. Үчөөнүн бирөөнө кылмыш иши козголот. 

 

“Илмияновго оомат келет”

 

- Мага түшкөн аяндарга таянсам, Икрамжан Илмияновго оомат келээрин кабарлап  жатышат. Кыска убакыттын ичинде Атамбаевдин эң ишенимдүү адамдарынын бири Илмиянов да маанилүү делген кызматтардын бирин аркалап, көпчүлүктүн көңүл борборуна айланат.

 

“Дастан Жумабеков 2,5-3 жыл спикер болот”

 

- Жаңы эле спикерлик кызматты аркалай баштаган Дастан Жумабеков эки жарым, үч жылга чукул спикер болуп иштейт. Анткени, ал көпчүлүк үчүн идеалдуу фигура. Эч ким менен тирешпей, өз иши менен гана алек болот.

 

“Өмүрбек Текебаев эркиндикке чыгат”

 

- Азыр камакта отуруп, сот артынан соту болуп, адилеттүүлүктөн үмүт үзгөн Өмүрбек Текебаевге да кудайдын мээрими төгүлүп, жакынкы мезгилде абактан чыгат. Башкача айтканда, таасирдүү адамдардын кийлигишүүсү менен Өмүрбек Текебаев азаттык алат.

 

“Бакыт Төрөбаевди сындыруу аракети башталат”

 

- Бабановго жасалган чалмага Бакыт Төрөбаев да чалынат. Эмнегедир Бакыт Төрөбаевдин башына кара булут айланып калыптыр. Сыягы, “Бабанов менен шайлоо мезгилинде кошулуп кеттиң”- деген доомат менен аны да сындыруу аракети башталат окшойт. Мага түшкөн аянга караганда Төрөбаевге кылмыш иши козголуп, саясый куугунтукка алынат.

 

“Бабанов камап коёт деп кооптонуп жатат”

 

- Азырынча Бабановго Кыргызстанга келе турган жол жок. Ал Кыргызстанга келем дегени менен, ошол замат камап коёрун билип, кооптонуп жатат. Азыр келбегени менен мезгили келгенде келип, маселесин камаксыз эле чечип алат.

 

Аэлита Сатындиева

Булак: “Майдан.kg” гезити, №57 (335), 13-декабрь, 2017-ж.

 

P.S. “Жолумду ачтырам, келечегимди билем, кара дубаларды жандырам”- дегендер болсо, 077621 00 006 номерине байланышса болот.