Картинки по запросу Атамбаев с гитарой  

2015-жылды жыйынтаган маалымат жыйынында А.Атамбаев: “Мен келечекте өзүмдү өкмөт башчы же спикер катары көрбөйм. Мен келечектеги президентке ал тынч иштеши үчүн тоскоол болбойм. Мен буга чейин жазуучу болууну, андан кийин бизнесмен болууну кыялданчумун... Андан кийин жөн гана эс алып, уктап алгым келип жүрөт, болбосо менин уйкум канбай жүрөт”,- деген эле.

 

Быйыл президенттик ишмердүүлүгүн жыйынтыктаган басма сөз жыйынында Атамбаев:

 

“Бийликти тапшыруучу күн жакындаган сайын жеңилденүүнү сезип жатам. Абдан көп иштөөгө туура келди, он экиде уктап, саат таңкы 5те турчумун. Дарыгерлер саламаттыгым чың, бирок өнөкөт чарчоого кабылганымды айтышты. Эми менде уктоого мүмкүнчүлүк бар”,- деген. Айтканындай эле, экс-президент кызматын тапшырып, эс алып келүүгө үлгүрдү. Эми, Атамбаев, мурда айткандай, КСДПны күчтөндүрүүгө киришет окшойт.  “Ишенип койгула, мен кайсы бир кызматка барайын деген ниетим жок. Шайланган президент менен премьер-министр менин жардамыма жана байланыштарыма муктаж болуп калышы ажеп эмес деп ойлойм. Алдыңкы өлкөлөрдүн президенттери менен менин жеке мамилем бар. Айрымдары менен бир туугандык мамиле бар. Мен КСДП келерки парламенттик шайлоолорго даярдайм. Шайлоого өзүм барбайм. Бирок биринчи номер болом. Курамды өзүм тандайын деп жатам. КСДП парламент кандай болуш керек деген үлгү көрсөтүшү керек”, - деп бул багытта да Алмазбек Атамбаев айткан болчу. Айрым маалыматтар боюнча, КСДПнын курултайы декабрдын орто ченине пландалууда.

 

Бирок, ушу тапта коомчулук буга чейин Текебаевдин айткан кебин улам эске түшүрүүдө. Абактагы баш “ата-мекенчи” Атамбаевдин Польшада Качиньский сыяктуу дачада жатып алып, Кыргызстанды башкарууга куштар экендигин билдирген эле. Ушундан улам, Атамбаевдин соңку кадамдарын дагы эле бийлигин колунда сактап калуу аракети катары баалагандар жок эмес. Бул биринчи кезекте жаңы президент Сооронбай Жээнбековдун дарегине сын-пикирлерди жаадырып, аны экс-президенттин таасиринен чыга албаган адам катары сүрөттөгөн пикирлерге жол ачты. Анын үстүнө, Фарид Ниязовдун президенттик аппараттын жетекчиси кызматына дайындалышы бул божомолду бышыктап тургансыйт. А бирок, “бул азырынча эле болуп жаткан көрүнүш, убактысы келгенде Соке да мындан тажашы мүмкүн, досуна да “чык эшикке” деп көрсөтчү күн келет”,- деп үмүт эткендер да бар.

 

Атамбаевдин КСДПны чыңдоону өз колуна алып жатканынын улам, парламенттин мөөнөтүнөн мурда таркашы чечилип калгандай. Экс-президенттин: “Парламентте алысты көрө албаган адамдар отурушат. Кеп эмне тууралуу болуп жатканын билбей эле кыйкыра беришет. Анан дагы ал жакта отурган үч тегирменчинин айынан бюджет миллиард сомго зыян тартты жана грант ала албай калды”,- деп сын айтканын да укканбыз. Эксперттер Атамбаев таасири таркай электе парламентти таркатып, өзү алып келген президент Жээнбеков менен премьер Сапар Исаковду колдонуп, өз партиясын көпчүлүк добуш менен алып келүүгө жанталашып жатканын айтышууда. Эгер КСДП 50 пайыздан ашык добуш алса, коалиция түзүш үчүн башка бир партия менен ымала түзүштүн кереги жок болуп калары белгилүү. Мына ошондо чын эле, Атамбаев спикер же премьер болуп кыйналбайт, дачасында жатып алып, башкара берсе болот. Парламент өзүнүн колунда болот, спикерликке өзүнө караштуу адам шайланат, а премьер ансыз деле АШАнын көзүнүн кареги менен тең айланат. Эксперттер Атамбаев үчүн парламенттик шайлоону өткөзүү азыр пайдалуу экенин айтышууда. Дагы эки-үч жыл кийинкиге калтырса, АШАнын расмий бийликке болгон таасири азыркыдай болбой калары бештен белгилүү. Себеби, Жээнбеков да президенттик тактынын таасирин сезип, өз алдынча саясат жүргүзүп калат. Эмнеси болсо да, Атамбаев учурда саясатта өз таасирин жоготпоо үчүн колдон келген аракетин жумшаары дайын болуп калды. “Мен өзүм менен саясаттагы карт бөрүлөрдү алып кетем. Бирок, мен кайтып келем, а алар болсо келе алышпайт”- деген сөзүнүн жандырмагы ушунда турбайбы.

 

Буга чейин басма сөздө Атамбаев Сокеге президенттик дачаны бошотуп бербей жатканы тууралуу маалымат таркаган. КР президентинин Иш башкармалыгынын жетекчиси Турусбек Коеналиев Алмазбек Атамбаев “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясындагы президенттик үйдү боштуп, башка дачага көчкөнүн кечээ билдирди. Президент жашап, иштей турган үй капиталдык ремонттон өткөнү да кошумчаланган. Эми биздин баш маселе: бул орун алмашуудан эмне өзгөрөт?

 

 

 

Булак: “Майдан. kg” гезити