Картинки по запросу сооронбай жээнбеков и текебаев  

 

 

Атамбаевге кетеринде “Ата-Мекен” партиясынын лидери Ө.Текебаев жакшы эле баш оору болгону чындык. Эгерде үстүнөн тон бычып, эл аралык аферист Маевскийдин көрсөтмөсүнө таянып камап салбаганда Атамбаев-Текебаев тирешүүсү эмне менен бүтөт эле, белгисиз. Балким, импичмент жарыяланып, азыркыдай экс-президент макамын алып, Соке менен кортеж талаша албай калат беле?

 

Кечээ жакында №47-абакка өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаева абалын сурап киргенде,  “Ата Мекендин” лидери оптимисттик маанайда жатканын, саясатка кайрадан келүүгө күчү да, дарамети да жетерин айтканы белгилүү болду. 8 жылга соттолгон саясатчы “бектер келет, кетет, бирок эл калат” дегенди эске салып, күрөш уланып жатканына ынандырган. Отунбаева да “Текебаев сыяктуу саясий жылдыздар элге керек экенин” кайра-кайра кайталап айтууда.

 

Жогорку соттун чечиминен кийин, Текебаевдин юристтери ага карата колдонулган амнистияны жана сотту күтүп камакта жаткан күндөрүн эсептеп чыгып, “шефтери” 6 айдан кийин эркиндикке чыгарын жар салышкан болчу. Бирок, Жаза аткаруу кызматы адвокаттардын эсебин четке кагып, Текебаев 2020-жылы гана колония-поселениеге которуларын эскертишти. Мына ушундан кийин “ата-мекенчилердин” жаңы президент келип, Текебаевди камактан чыгарып жиберет деген үмүтү таш капкандай болду. Атамбаев кеткен менен, Соке деле ал калтырып кеткен команда менен эле иштеп жатпайбы. Демек, Соке каалаган күндө да, берки табиятынан “атамбаевчи” аппаратчиктер эмнеге Текеге гумандуу боло калышат эле...

 

Баса, айрым лөктөрдүн ортосуна от жакканды, кайраштырганды жакшы көргөн эксперттер “көп өтпөй Сокеге Теке керек болот”,- деген кепти чыгарып жатышат. “Көрөсүңөр го, Сапар Исаков баш болуп, экс-президенттин желдеттери Сокенин ишине жолтоо болушат. Дили таза, ою түз Жээнбеков булардан арылбаса иш алга жылбасын көп өтпөй түшүнөт. Мына ошондо аларды тизгинге салыш керек болот. Мындайда Текеден өткөн адис жок. Анын үстүнө, Теке мурунку бийлик ээлерине тишин кайрап турат, фактылар анда толтура”,- деп бир эксперт бизге шыбырады. Эми саясат бизди кайда алпарат, убакыт көрсөтөт...

 

 

 

Булак: “Майдан. kg” гезити