“Кыргыздын Жириновскийи”, “Көмүр королу” деген ылакап аттары бар айтылуу Нурлан Мотуев оргу-баргы сүйлөгөнү менен эч кимге пайдасы да, зыяны да жок эрке бала болчу. Анын баскан-турганы, сүйлөгөн сөзү күлкүнү гана жаратып, оптимисттик маанай жаратар эле. Баарынан да 2009-жылы президенттик шайлоодо талапкерлигин коюп, саясый өнөктүктүн бир топ эле көркүн чыгаргандыгы эсибизде. Бирок кийин да жөн жүрбөй, “куудулдук” өнөрүн көрсөтүп, Атамбаев доорунда ар кандай оппозициянын пикет, митингине катышып, бийликтин короосуна таш ыргытып жүрдү. Айтор анын бир кезде Бакиевди коргоп Атамбаевдин абийирин аштай төккөндүктөнбү, айтор “террорчулукту жайылтуу” беренеси менен соттолуп кеткен. Бир чети сот Нукеге канткен менен гумандуулук кылып, жети жылга эркинен ажыраткан менен жазасын жатак абакта өтөп жаткан. Бирок жакында Биринчи Май райондук соту мурдагы чечимин жокко чыгарып,   Н.Мотуевди күчөтүлгөн режимдеги камакка алды. Эми ал бир жыл жабык жайда отурмакчы. Көрсө, өз терисине батпаган Нуке абактын ички тартиптерин бузуптур. Ал интернет аркылуу №32 жатак абактын башчысы Т.Анаркуловдун дарегине жагымсыз сөздөрдү айтып, аны жекеме-жеке мушташууга чакыруу менен гана чектелип калбастан, мушташты онлайн аркылуу көргөзүп, реалити-шоу уюштурууну сунуш кылгандыгы өз башына муш болуптур .

 

Булак: “Майдан.kg” гезити, №56 (334), 06.12.2017-ж.