Азыр элдин баардыгы “жаңы президент С.Жээнбековдун кадамдары кандай болот, алгачкы ишин эмнеден баштайт”- деп жарданып турган кербези. Өткөн жумада Россияга барып, президент В.Путин жана премьер-министр Д.Медведев менен жолуккандыгы, андан соң Минскиде өткөн ЖККУнун жыйынына катышкандыгы бир топ жемиштүү болду. Ал эми коомчулуктун бүйүрүн кызыткан кадр маселесинде да жаңы кеңешчилери менен жардамчыларын дайындашы колдоого алынууда. Бирок экс-президенттин кеңешчиси, ал эле эмес, тээ легендага айланып бараткан А.Акаев доорунан бери Ак үй короосунан чыкпай келаткан Ф.Ниязовдун кайрадан кеңешчи болуп дайындалышы күтүлүп-күтүлбөгөн жаңылык болду. Көпчүлүк жарандар А.Атамбаевдин тушундагы тескери иштердин көмүскө автору катары аталып жүргөн, “отко салса күйбөгөн, сууга салса чөкпөгөн” бул алмаштырылгыс кадрдын жаңы президентке да кеңешчи болуп калышын экс-президенттин “курсунун” түптүз улантылышы катары кабыл алышууда. Эгер Ф.Ниязовдун 15-декабрдагы шайлоодо С.Жээнбековдун штабын жетектегендигин эске алсак, президент аны акылкошчу кылып алууга аргасыз болгондугун түшүнөбүз. Себеби бир ооз кыргызча билбеген менен кыргыз саясатынын шайтан оюндарын мыкты өздөштүргөн бул адам мындан ары да көшөгө артында хансарай оюндарын башкара бермекчи...

 

Булак: “Майдан.kg” гезити, №56 (334), 06.12.2017-ж.