Алмазбек Атамбаев президенттик мөөнөтүндөгү жыйынтыктоочу маалымат жыйын өткөрдү. Анда Кыргызстан менен Казакстандын мамилесинен тарта ички саясат, экономика маселелерине байланышкан журналисттердин 60тан ашуун суроосуна жооп берди. Өлкө башчынын акыркы маалымат жыйынындагы айрым билдирүүлөрдүн айланасында, саясат талдоочу Марс Сариев менен маектештик.

 

- Президенттин маалымат жыйыны алты жылдын отчёту болушу керек эле. Бул жыйынга катышкан инсан катары, отчёт ала алдыңызбы?

 

- Алмазбек Атамбаев дароо эле суроолорго жооп берип баштады. Аягында гана 10 мүнөттүк билдирүү жасады. Менимче, бул ирет президент эмоциясын кармап, ар бир сөзүн так жана орундуу жооп берди. Жалпы алтымыштан ашык суроого жооп берип, журналисттер, биз деле канааттангандай болдук. Анан “саясаттан кетем” дечү эле, сөздөрүнө караганда ал кетпейт. Ойлоп турам, эки жылдан кийин партиясын күчтөп, парламентке келет. Бирок, эки жыл аралашпайт дегенге да болбойт.

 

- Эми алты жылга алты сөз менен баа бере албайбыз. Бирок, бул аралыкта эң чоң жетишкендиктери жана кемчилиги эмне болду?

 

- “Коррупцияны жеңебиз, экономиканы өнүктүрөбүз”- деген максатына жетпей калды. Соттук реформалар, ал жактагы паракорчулук менен күрөш аягына чыкпай калды. Бирок, эл өзгөрдү. Саясий, жарандык коом өзгөрүп, ал жакта революция болду. Азыр кыргызстандыктар коңшуларга караганда эркин жана башка нукка бурулду. Алар бизден экономика жагынан алдыда болгону менен элдин аң-сезими, эркиндиги бизде күчтүү боло чыкты. Мындай потенциал менен келечекте биз коңшулардын баарынан алдыга чыгабыз.

- Казак-кыргыз мамилеси тууралуу кайрадан кеп козголду. Президенттин соңку билдирүүлөрү абалды мындан ары да начарлатпайбы?

 

- Ооба, эки өлкөнүн ортосундагы маселеге тийип кетти. Бирок, мурункудай эмоцияга берилбесе да, катуу позициясынан тайган жок. Мен ал жерден мындайча түшүндүм. Эми Казакстан биз тарап менен мамилесин оңдойт. Себеби, бул абал Казакстанга ички саясатына аябай таасирин тийгизди. Биздин экономикага зыяны тийсе да, ички саясатка көп зыян алып келген жок. Ал эми коңшу тарапка бул кооптуу болуп турат. Ошондуктан, бул көйгөй жакында чечилет.

 

- Алмазбек Атамбаевдин жогоруда саясатка келиши тууралуу кеп козголду. Эгер кайтып келсе, анын орду, таасири кандай болот?

 

- Азыр байкасак, оппозиция деле калбай калды. “Республика”,  “Ата Мекен” жок. Темир Сариев деле саясаттан алыстап кеткендей болду. Эски гвардия кетип жатат. Азыр Атамбаев менен КСДП саясатты долбоор катары кармап жатат. Ошондуктан мен ойлойм, эки жылдан кийин жаңы саясатчылар менен парламентке келиши мүмкүн. Ага чейин көмүскөдөгү лидер катары эс алып, кийин премьер-министрликке же спикерликке келип калышы мүмкүн. Вариант көп.

 

Булак: “Марал” үналгысы