Жогорку Кеңештеги “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев президенттик шайлоодо Өмүрбек Бабановду колдоп чыккандыгы белгилүү. “Бабанов – президент, Төрөбаев – премьер”- деген мезгилинен шашылыш жазылган баннерлер өлкөнүн бардык бурчунда илинип турду. Бирок, шайлоонун жыйынтыгында, Бабанов биринчи турдан эле Сооронбай Жээнбековго жеңилип, өлкөдөн “дыр” койгону белгилүү. Көп өтпөй, Он-Адырдагы өзбек калкынын алдында сүйлөгөн сөзү үчүн Бабановго кылмыш иши козголгон. Өлкө президенти Алмазбек Атамбаев буга чейин, “мен саясаттагы карт бөрүлөрдү өзүм менен алып кетем” деп келсе, шайлоодон кийин “кырктын кырындагы айрым бузукуларды да ала кетем, алардын орду түрмөдө”,- деп да айтып алганы бар. Президент кимдерди айтып атканы түшүнүктүү. Мунун ичине Бакиевдердин бул жердеги желдети Бакыт Төрөбаев да кирери бештен белгилүү. Башынан кара булут айлана баштаганын Бакыт мырза дароо сезди. Ошондуктан, өзүн оппозиционер санаган баш-өнүгүүчү Бишкекте өткөн өлкөнүн өнүгүү стратегиясы боюнча жыйында позициясын 90 градуска буруп, Атамбаевге кошоматчылык жайын билдирди.

 

Сиз Кыргызстандын өнүгүүсүнө чон салым коштуңуз. Сизге терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Бизди анча-мынча сындадыңыз, бышырдыңыз. Ар ким эле президент боло албайт, сиз президент болдуңуз. Алты жыл иштединиз, сизди президент, саясатчы, адам катары сыйлайбыз", - деди ал.

 

Атамбаевден: “Дары болсун!”- деген жооп алды. Бирок, кечээки президенттик жарыштагы өнөктөшүн өтө оор кезде сатып, кара башынын камын ойлоп, кайра бийликке жүгүнүп бергени шайлоочуларды абдан иренжитти. Эгер буга чейин Төрөбаевдин колдогон анча-мынча эл бар болсо, бул кадамы менен ал электоратынан биротоло кол жууп калды. Атамбаевди мактоо менен Бакиевдердин колдоосунан да ажырады байкуш.

 

Ошол жыйында президент Атамбаев айрым “кыйкырчаак” депутаттарды да сындап өткөн эле. Мисалы, депутат Зиядин Жамалдиновду. Эскерте кетсек, бул инсан “Өнүгүүнүн” тизмесинен депутат болуп келген. Жакшы жол башчы үйүрүн коргойт. А Төрөбаев болсо өзүнүн фракциясынын депутатын президент зекип жатса, ага болушкандын ордуна, АШАны даңазалап, кошоматчылык кылды. Ошондо Бакыттын бети барбы? Президентти колдогонуна караганда, өзүнүн фракциясында ынтымак жок экенин мойнуна алганыбы?

 

Бакыт Төрөбаевдин “ойт” берме саткынчылыгы биринчи жолу болуп жаткан жок. Биринчисинде, Оштун мэрлигинен түшкөндө Мырзакматов менен калың элдин көзүнчө кол алышып, саясатта бир болууга шерттешкен. Бирок, Мелис Жоошбаевичке кылмыш иши козголуп, чет жакка качканда, убадасынан тайып кеткен. Экинчиси, “Ата-Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевди ээрчип кеткени белгилүү. Текебаев президентке олуттуу доомат коюп, кыйкырып чыкканда жанына чыкпай калган. Кийин коррупция айыбы тагылып, Өмүке түрмөгө түшкөндө оозунан сөз чыкпай калды. Ошону менен аны да алдап сатып кетти. Үчүнчүсү, түштүктүн “үчилтиги” – А.Келдибеков, А.Мадумаров, К.Ташиев менен биригип, президенттик жарышта бир талапкерди чыгаруу чечимине кошулган. Көп өтпөй, жеке башынын амбициясы ашып ташып кетип, “үчилтикти” да “кидала” кылып баса берди. Төртүнчүсү, өйдөдө сөз кылгандай, Бабановду сатты. Аны колдоп бир да сөз сүйлөгөн жок. Бирок, өткөн өлкөнүн өнүгүү стратегиясы боюнча жыйында шайлоонун таза, саясий атаандаштыкта өткөнүн айтуу менен, Бабановдун далысына “бычак” сайгандай эле болду.

 

Ушунун баарын таразалап келгенде Бакыт Төрөбаевге карата элдин ишеним гранты түгөнүп бүткөнүн коркпой эле жар сала берсе болот. Көрсө, бул бала эч качан элге күйбөйт тура, эки жүздүүлүк анын жашоо кредосу экен. Бир адамды алда, эки адамды алдагын, бирок, бүт кыргыз элин алдай албайсың, Бакыт аке, ошону эстен чыгарба эч качан!