Буга чейин кыргыздын кылым карыткан санжырасын китепке түшүртүп, унутулуп бараткан улуттук бийибизди кайра жашообузга алып кирип, талашка түшкөн мектеп формасынын тандалышына жакындан салым кошуп, өсүп келаткан таланттуу улан-кыздардын келечекте өз ордун таап кетишине камкордук көрсөтүп келген коомдук ишмер, меценат Рустам Мамановдун көптөн бери дайыны чыкпай кетти эле.

 

Көрсө, Рустам Маманов да көптөгөн аттуу-баштуу адамдар сыяктуу эле президенттик шайлоонун шаңы менен чуркап, өлкөбүздүн стабилдүүлүгү үчүн Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин колдоого алыптыр. Рустам аке колдоого алды дегенибиз, ал колунда бар бардык дараметин ортого салуу менен, Сокенин жеңишине реалдуу салым кошкон. Ноокат, Кызыл-Кыяда катуу иш алып барганы, ал жактан С.Жээнбековдун арбын добуш алганы, албетте Рустам Мамановдун да эл ичинде кадыры бийик экенинен кабар берип турбайбы. Ошентсе да, Р.Маманов жеке өзүнө эч нерсе сурабаганы, шарт-шертсиз эле ак ниет менен инилик колдоого барганын айта кетүү абзел.

 

Биз буга чейин эле Рустам Маманов улуттук деңгээлде дагы бир нече долбоорду алып чыгаарын жаздык эле. Президенттик шайлоого байланыштуу алар токтоп калган. Эми, Кудай буюрса, элдин рухун, духун көтөргөн, басып өткөн жолун даназалаган долбоорлорду жүзөгө ашыра турган учур бышып жетилди. Ошондуктан, бул улуу ишти колго алып жаткан Рустам акеге ийгилик каалайлы.

 

Баса, айрым гезиттер “Рустам Маманов адам жейби?”- деп тийишкени бар. Көрсө, ал Равшан Жээнбеков менен “шайлоодо ким утат?”- таризинде мелдеше кеткен имиш. “Утулуп калган Равшанды тайы келбесе, өзүн жейбиз”- деп Рустамдын айтканын аңыз кылып алышыптыр. Биз кайрылсак, көпкө күлүп, “журналисттердин таппаганы жок ээ, фантазияңарга баракелде”,- дейт.

 

Булак: “Майдан.kg” гезити