Укук коргоочу, президенттикке талапкер болгон Токтайым Үмөталиеванын демилгеси менен өткөн аптада “Шайлоо жана анын жыйынтыктары” деген темада тегерек үстөл өтүп, ага саясый серепчилер, эксперттер, граждандык коомдун өкүлдөрү жана журналисттер катышты.

 

Тегерек үстөлдө шайлоо жана анын тазалыгы, президентке талапкерлер тарабынан болгон мыйзам бузуулар тууралуу кенен сөз болду. Ошондой эле Кыргызстандын бизнес структурасына оор таасирин тийгизген кыргыз-казак чек арасындагы түзүлгөн жагдай тууралуу да маселе көз жаздымда калган жок. Алмазбек Атамбаевге кийинки президент Сооронбай Жээнбековго чиеленишкен чек ара маселесин ошо бойдон таштап кетпей, “чечип кетсин!”- деген талап коюшту. Ошондой эле Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевге кайрылуу жолдошуп, аксакалдардын тобунан, башкача айтканда, Кыргызстандагы аттуу-баштуу адамдардын делегациясын кабыл алышын өтүнүштү. Андан көп өтпөй, Токтайым Үмөталиева көтөргөн маселе чечилип, Кыргызстандагы аттуу-баштуу сыйлуу аксакалдардан турган топ Астанага барганча эле чек ара ачылып, карапайым элдин маселеси аз болсо да чечилгенсиди. Токтайым Үмөталиева даярдалган кайрылууну ээсине жеткирүүгө аракет кылганын, азыр да Астана менен жолугушуу тууралуу маселени ишке ашырууга далалат жасап жатканын айтууда. Эмне дейбиз, шайлоодо элдик президенттин образын жараткан Токтайым Үмөталиеванын аракетине баракелде гана дейбиз.

 

Чынында, “эки дөө кармашса, ортодо кара чымын өлөт”- болуп, эки президенттин кармашканынан, кайым айтыштан карапайым эл гана кыйналды. Токтайым Үмөталиева баштаган топ айткандай, кандай кырдаал болбосун, кандай маселе жаралбасын эки өлкөнүн соода-экономикалык мамилелеринде эч кандай саясий тирешүүлөр роль ойнобошу керек. Биздин эки мамлекеттин тең Конституциясында “Эл бийликтин  булагы”- деп жазылган. Эки элдин тынчтыгы үчүн бардык маселелер сүйлөшүү жолу менен гана чечилиши керек. Болбосо эки бир тууган элдин чек арасындагы абалдын курчушу бир гана душмандарыбыз үчүн  пайдалуу болуп калышы ыктымал. Чынында ички жана сырткы душмандарыбыз ошону гана күтүп турушат.

 

Булак: “Майдан.kg” гезити.