- Өмүрбек Бабанов “Республика – Ата Журт” парламенттик фракция лидерлигин өткөзүп берди. Мунун артында кандай оюн жатышы мүмкүн?

 

Кадыр Кошалиев, тележурналист:

 

“Бийлик менен байлыктын кармашы уланууда”

 

- Азыр да бийлик менен байлыктын кармашы уланууда. Коом тазаланып жатат. “Баарын акча чечет”,- деген калпыс түшүнүк четке сүрүлүүдө. Бабановдун мисалы ошонун ачык так чагылышы. Эми бийлик ичинен тазаланышы керек. Жашоо токтобойт, процесс жүрүүдө, адилеттик, элдик бийлик орнойт, Кудай буйруса.

 

Касымбек Райымкул, адвокат:

 

Кыргызстанга келиши күмөн болгондуктан, бул кадамга аргасыз барды

 

- Өмүрбек инибиз “бала, баланын иши чала”,- дегендей иш жасады көрүнөт. Эбегейсиз чыгым жумшап шайлоого барганча, сооп иштерин жасап, бизнесин башкарып жүрө берсе болмок. Ким менен кеңешти шайлоо жөнүндө билбейм, бирок туура эмес кадам болду. Ошонун кесепетинен минтип, четте жүрөт. Анысы аз келгенсип, фракция жетекчилигинен кетти. Анын Кыргызстанга келиши күмөн болгондуктан, бул кадамга аргасыз барды. Мени өкүндүргөнү 6 миллиард долларга тете байлыгы бар “Жерүйдү” болгону 100 миллион долларга өзү башында туруп саттырып жибергени болду. Бул инибиздин адилеттүү, чынчыл кеңешчилери деле жок экен, болбосо мындай жаңылыштыктарга барбайт эле. Инибай саясатты коюп эле, бизнесин адалдап алып барса жакшы болот эле.

 

Равшан Жээнбеков, экс-депутат:

 

Оппозицияны, эгемендүү саясатчыларды алсыратууда, жок кылууда Бабановдун эмгеги зор болгон

 

- Бабанов бир дагы саясатчыны, оппозицияны, демократиялык баалуулуктарды колдогон эмес. Бардык эгемендүү саясатчыларды куугунтуктап, басмырлап атканда, ал Атамбаев жана анын режими менен кызматташып, колдоп, өнүктүрүп отурган. Оппозицияны, эгемендүү саясатчыларды алсыратууда, жок кылууда анын эмгеги зор болгон. Эми кезек ага келгенде аны коргогонго киши калбай калды.

 

Алишер Мамасалиев, экс-депутат:

 

“Бабановдун чечими туура эле болгон”

 

- Менин жеке пикиримде, Бабанов фракция лидерлигинен кетүүгө мажбур болду. Себеби, менин укканым боюнча, фракциянын ичинде лидерликти алмаштыруу аракети башталып, депутаттардын арасында кол топтоо ишке аша баштаган. Бүгүнкү саясый акыбалды эске алганда, Бабановдун чечими  туура эле болду.

 

Булак: “Майдан.kg” гезити.