Президенттикке экс-талапкер, “Мекен Ынтымагы” партиясынын лидери Темирбек Асанбеков Өкмөт менен Жогорку Кеңештин Суу кодексине өзгөртүү киргизүү аракетине каршы пикирин билдирди. Биз Темирбек Асанбеков менен баарлашып, бул багытта айрым суроолорго жооп алдык.

 

- Темирбек мырза, кокус Суу кодексине өзгөртүү кирип кетсе, “Кумтөр” кенине жанаша жайгашкан “Давыдов” менен “Лысый” мөңгүлөрүн талкалоонуу гана мыйзамдаштырабызбы же башка да мөңгүлөрдүн талкаланышына шарт түзүп беребизби?

 

- Мен Суу кодексине өзгөртүү киргизүүгө аракет кылгандарга кайрылуу менен чыгаардан мурун бир топ экологдор менен кеңешип, Суу кодексине сунушталган өзгөртүүлөрдүн күңгөй-тескейин талкууладык. Алардын пикирин уктум. Өзүмдүн да оюмду айттым. Менимче маселе “Кумтөргө” жакын жайгашкан мөңгүлөрдө эле эмес, Суу кодексине сунушталган өзгөртүүлөрдүн жардамы менен башка мөңгүлөрдү талкаланышына жол ачып койбойбузбу - деген кооптонууда. Азыр көптөр “Кумтөрдүн” жанында жайгашкан “Давыдов” менен “Лысый” мөңгүлөрү талкаланганы жатат”,- деген ой менен өз пикирлерин бөлүшүп, нааразычылыгын билдирип жатышат. Чынында “Кумтөрдүн” болоору болуп, боёсу канып калды. Ал жердин болушунча таш-талканын чыгарып, экологияга ченемсиз зыян келтиришти. Ошондуктан, маселе “Кумтөрдө” эмес, мөңгү алдында жаткан башка кендерди казууга жол ачып, кооз табийгатыбызды талкалоого шарт түзүп, Кыргызстаныбыз жашыл шибердүү болбой, чаңы чыккан боз топуракка айлантып тоо башынан түшкөн мөңгүлөрдү соолутуп албайбызбы (?) деген кооптонууда. Айтайын дегеним, Суу кодексине өзгөртүү кирсе, экологиябыз бузулуп, түбөлүк сакталып, мекенибизге табигый көрк берип, кайталангыс кооздукка чумкап, тоолорубуздун ажарын ачып, элибизди мөлтүр кашка таза суу менен камсыз кылып жаткан мөңгүлөргө терс таасири тийип калышы толук мүмкүн. Ошондуктан, акылга келип, ар шылтоону айтып, элдин башын айлантпай  ата-бабаларыбыздын жолун жолдоп, мөңгүлөргө, дегеле жаратылышка аяр мамиле кылууну колго алышыбыз керек. Айтайын дегеним, ата-бабабыз жаратылыш байлыктарына аяр мамиле кылып, болочок муундар үчүн ыйык сактап келишкен. Аны муундан-муунга татыктуу өткөрүп беришкен. Мындай ыйык мамиле Кыргыз Республикасынын Гимнинин саптарында дагы жазылган.

 

- Кокус аталган мыйзам колдоого алынып, Суу кодекси өзгөрүүгө дуушар болсо, анын кесепети Кыргызстанга эле тийеби же туура эмес саясаттын кесепетинен Орто Азия да жабыркайбы?

 

- Албетте, Кыргызстан гана эмес, Орто Азиядагы мамлекеттер да жабыркайт. Себеби, бизден барчу суудан куржалак калышат. Суусуз жашоо жок болуп, климат өзгөрөт. Жергебизди жашылдандырып, кооздукка бөлөп, кулпунтуп турган бак-дарактар соолуйт. Жашыл шибердүү чөптөрдөн айрылабыз. Кыскасы, мөңгүлөр, таштан-ташка тийип аккан суулар Алла-Тааладан берилген эбегейсиз байлыгыбыз. Ошондуктан, ар кимдин тилине кирбей мөңгүгө, кайталангыс жаратылышыбызга аяр мамиле кылышыбыз керек.

 

- Бирок, Суу кодексине өзгөртүү кирбей калса, бюджет бош калат имиш го?

 

- Аталган мыйзамды артка кайтарып койсок Кыргызстандын бюджетине каражат түшпөй, элдер жумуш орду менен  камсыз болбой калат деген шылтоодон  алыс болушубуз керек. Дүйнөдө таңкыстык жаратып жаткан таза суубуз, мөңгүбүз бар экенине кубанып, аларды талкалоону эмес, сактоону колго алышыбыз абзел. Ошон үчүн акылга келип, мөңгүлөргө аяр мамиле жасап, жаратылышты талкалоонун таасири келечекте кайтарылгыс зыян болоорун, экологиялык катострофага шарт түзөөрүн эсибизден чыгарбашыбыз керек. Ошондуктан, Суу кодексин өзгөртүүгө киришип жаткандар экологдордун жана социалдык түйүндөрдөгү мөңгүлөрдү талкалоого каршы болгон пикирлерди да көз жаздымда калтырбай, алардын ойлору менен эсептешиши керек. Болбосо, нааразы пикирлер чогулуп отуруп, эртеби-кечпи элдин толкундоосуна алып келет. Ошондуктан, “Мекен Ынтымагы” партиясы алдын ала коңгуроо кагып, Суу Кодексине өзгөртүү киргизебиз  дегендердин  аракетине каршы чыгып, мөңгүлөрү талкалоону эмес, сактоону колго алалы деп  жатабыз. Ошондой эле “Жер казынасы жөнүндө” мыйзамды кайра карап чыгуу зарылчылыгын айтып, жогору жакка кайрылуу жолдоп жатабыз.

 

- Ушул кайрылууңар маселе чечилип жатканда эске алынат  деген  ишенимиңиз  барбы?

 

- Үмүтсүз шайтан дейт.  Жогору жакта кыргыздын душмандары эмес, биздин акыл-эстүү бир туугандарыбыз отурат деген үмүтүм бар. Алар бул маселеге кайдыгер карабайт деген ишенимим чоң. Алар кайсы бир зарылчылыктан, ушундай маселе көтөрүшкөнү менен коомчулуктун жана бизге окшогон адамдардын пикирин да эске алат, кыргызга  кыянатчылык кылбайт деп жүрөгүмдүн түпкүрүнөн ишенгим келет.

 

- Суу кодексине өзгөрүү кирип, мөңгүлөрдүн талкаланышына каршы экениңизди айттыңыз.  “Мөңгүдөн колуңду тарт!” деген нааразычылык акцияга чыгып жаткан активисттерди  колдойсузбу?

 

- Мен өзү маселени митинг, пикет менен чечкенге каршымын. Юридикалык жактан сабатсыз элди туура, туура эмес нерселерге аралаштырып, алардын башын айланткым келбейт. Ошондой эле митингге чыгып, нааразычылыгын билдирип жаткан бир туугандарымдын аракетин да сындабайм. Ким кантип, нааразычылыгын билдирсе өзү билет. Ошондуктан, алардын да аракетин сыйлайм.

 

- Эмнегедир кайрылууңузда дагы, сөзүңүздө дагы өкмөткө катуу тийбей,         болушунча  жумшак сөз менен кайрылып жатасыз. Башкалар болсо, өкмөттүн бул аракетин “чыккынчылык” катары  баалашууда. Тымызын маселе көтөрүп, бийлик менен эсептешип, кайсы бир кызматка жетүүнү мелжеп жаткан жоксузбу?

 

- Мен бийлик менен кызматташкым келсе, буга чейин эле мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып, эмдигиче  кызматташып, майлуу-сүттүү орундардын биринде отурмакмын. Эптеп эле бийликке  жетейин деген максатым болбогондуктан, андай жолду тандаган жокмун. Башкача айтканда, менин позициям андай нерсеге жол бербейт. Менин табиятым башка. Мен мекенимди кызмат менен эмес, чын жүрөгүмдөн сүйөм. Азыркы бийликте мен макул болбогон көп нерселер бар. Ошондуктан, система өзгөрмөйүн бийликке барбайм. Жана булар менен кызматташып булганбайм.

 

- Өмүрбек Текебаев менен Өмүрбек Бабановго жасалган мамилени саясый куугунтук десек болобу?

 

- Менимче, бул маселеде саясый көз караштарда пикир келишпестик болду. Ошол пикир келишпестиктин жыйынтыгы ушундай камоо, иш козгоого алып келди. Мен ушундай маселелер жаралып жаткан учурда “жашасын гумандуу сот!”- деп гана айта алам. Ошондой эле баарына калыстык, сабырдуулук гана каалайм.

 

- Жакында мамлекетти жаңы  президент башкарат. Сиздин баамыңызда Алмаз Атамбаев эл башчы катары кандай иштеди?

 

- Эң башкысы, алты жылдын ичинде стабилдүүлүк болду. Ошондой эле Атамбаевдин жетишкендиктери да, катачылыктары да болду. Ал эми ички саясатта саясатчылардын тынымсыз интригаларынан көп ийгиликтерге жетише албадык. Башкача айтканда, ички тирештер экономикалык жактан ийгиликтерди багынтышыбызга тоскоолдук жаратты. Ошондой болсо да ийгиликтерге жетерибизге ишенем. Анткени, кандай кыйынчылык болбосун Алмаз Шаршенович аны жеңүүгө, маселени колунан келишинче чечүүгө аракет кылды. Эми мындан аркы саясатты Сооронбай Шарипович татыктуу алып кетет деп ишенем.

 

- Сооронбай Жээнбековдун инагурациясына башка мамлекеттин президенттери келбеси коомчулукта түрдүү талкууга жем таштады. Кошуна мамлекеттин президенттери келбей койсо Сооронбай Шариповичтин эл аралык аренада кадыры түшүп кетпейби?

 

- Кошуна мамлекеттер эсептешиш үчүн а дегенде экономикабыз күчтүү болуш керек. Эгер экономикабыз алсыз болсо, ошондой теңсинбеген мамиле боло берет. Бирок, биз ачка отуруп, чоң той берип, “ал келбей койду, бул теңине албай койду”- деп ардангандан  алыс болуп, аны трагедия кылбашыбыз керек. Эң башкысы, мамлекетибизди өнүктүрүп, экономикабызды жогорулатышыбыз керек. Ошондо гана башкалар биз менен эсептешет.  

 

 

 

Чынайым Кутманалиева, Булак: “Майдан. kg” гезити