Президент Атамбаев бүгүн бийликти басып алууга аракеттер болсо, кандай жооп кылаарын айтты.

 

«Албетте, акчаны ыргытып, аймактардагы добуш берүүдөн кийин элди чыгарууга үгүттөгөндөр да табылаттыр, алдын ала кимдир бирөөнү айыптабай турайын, бирок бардык нерсени күтсө болот. Кечээ бир топ кармалды. Мурдагы депутат, азыркы курал жеткирүүчү бир өлкөнүн атайын кызматынын мурдагы кызматкери менен макулдашыптыр. Кайталап коеюн, камаганбыз, дагы да камайбыз, ар ким өз каалаганын жасаган учур өттү», - деди Атамбаев.

 

Ошондой эле президент 1-декабрга чейин элдин майрамын бузгусу келгендерге «сабак өтүүгө» убактысы кенен экенин белгиледи.

 

«Мен үчүн шайлоо – майрам. Анткени, таза шайлоо өткөрүүгө көп жылды жана нервимди короттум», - деди президент.