Кечээ Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматы (КР МУКК) депутат К.Исаевге карата иликтенип жаткан кылмыш ишинин алкагында жарандык активист Мелис Аспековду кармаган. Анын телефондук сүйлөшүүлөрүндө кандайдыр бир ызы-чууларга карата даярдык иретинде балдарды топтоп жатканы айтылат. Анын катарында “Ташиевге окшогондорду” сүрүп чыгаруу, “к...н айрыйбыз”- сыяктуу коркунучтуу кептерге да жол берилген.

 

Биз бул багытта Камчыбек Ташиевдин өзүнө байланыштык.

 

“Мен чындап айтканда буга окшогон бузукулардын ишин комментарийлеп, теңелгим келген жок эле. Бирок, мага элимдин тынчтыгы керек! Ошондуктан, билгенимди жашырбастан айтуум зарыл. Бизге да маалыматтар түшүп жатат. Мисалы, мени дагы, алар колдогон талапкердин жеңишин камсыз кылуу максатында, эптеп жок кылуу жөнүндө жашыруун сөздөр болгон. Ага даярдыктар да көрүлгөн... Алар билип алышсын: мен эл-жердин тынчтыгы үчүн күрөшүп келген адаммын. Бул тууралуу эли журт жакшы билишет. Азыр да элдин биримдигине чок салгысы келген бузукулар келсе, мизин майтарууга даярмын!”- деди К.Ташиев.

 

Белгилеп кетүү абзел, Камчыбек Ташиевди “жок кылуу” багытындагы кеп-сөздөр бекеринен айтылып жаткан жок. Биринчиден, ал талапкерлигин алып салып, Сооронбай Жээнбековду колдой баштагандан бери жалпы абал кыйла өзгөрдү. Б.а. Сокенин жеңиши реалдуу боло баштады. Камчыкени электораты бай саясатчы катары билебиз. Экинчиден, Кудай анын бетин ары кылсын, бузуку күчтөр тополоң сала турган болсо, аларга реалдуу туруштук бере ала турган адам да шул Камчыке экенин жакшы билишет. Демек, Камчыкеге карата “коркутуулар” реалдуу эле кеп.

 

Эске салсак, “Мекенчил” саясий партиясынын лидери Мелис Аспеков боюнча МУКК төмөнкүдөй маалымат таркаткан: “Ал белгилүү бир адамдардын тобунун кызыкчылыгы үчүн КР Президентин шайлоонун жыйынтыгын жарыялагандан соң, айрым жарандар менен алдын ала бүтүм боюнча Кыргызстандагы абалды туруксуздаштыруу пландарына катышкан. Ошентип М.Аспеков, К.Исаев жана “Республика” партиясынын айрым жактоочулары менен байланышта болуп туруп, КР Президентин шайлоо учурунда жана андан кийин баш-аламандыкка катышуу үчүн тарапкерлерди чогултуу аракетин көргөн”.

 

2017-жылдын 9-октябрында бул факты боюнча КР МУКК Башкы тергөө башкармалыгы Кылмыш-жаза Кодексинин 27-беренесинин жана 233-беренесинин 1-бөлүгүнө ( Массалык баш аламандыкка даярдык көрүү), 27-беренесинин жана 295-беренесине ( Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү) ылайык кылмыш ишин козгоду.

 

Ушул эле күнү М.Аспеков жогоруда айтылган кылмыштарга даярдык көргөн деген шек менен кармалып, тергөө иш чаралары жүргүзүлүүдө.