АКШ дегенде ичкен ашын жерге таштай сала жүгүргөндөрдүн анабашында Өмүрбек Абдрахманов менен Равшан Жээнбеков деген эргулдар турат эмеспи. Өмүрбек жана Равшан мырзалардын АКШга болгон “махабаттары” али да күчүндө.

 

Ошол “махабатынын” айынан экөө теӊ пикирлеши Өмүрбек Текебаев менен келишпей, анын камакта жатышына бирөөсү себепкер, айгак болсо, бирөөсү аны элге жайып жүрү. Эсиӊерде, бул экөө “Демократия деген ушундай” түшүнүгү менен Чиркешовичке обу жок асыла берип акыры “Ата-Мекендин” астанасынан түртүп чыгарылган. Албетте, ар нерсенин башын сүйлөй берсе ким чыдап угуп олтурсун. Маселен, Равшан Жээнбеков депутат кезинде “Парламентте мыйзамдардын 100 пайызы АКШнын акчасына жазылат. Биз ал тургай өзүбүзгө кагаз сатып ала албайбыз”- деп жомок айткан. Бул сөзүн “арзуулашы” Абдрахманов алакан чаба колдогон. АКШга болгон ашынган арзууларына ашынып атабы же бош жүргөндөн эригиштиби, айтор Абдрахманов менен Жээнбеков  ушу тапта келээрки ажого АКШ тараптан “жеӊе” болуу вазийпасын артынууга ар кимдин эшигин жыртып жүрүптүр. Эми бул экөөнө ким ишенет, ыя?

 

Булак: “Майдан.kg” гезити, №46 (324), 10.10.2017-ж.