Президент негедир “өрт өчөөрүндө жалбырттап күйөт” дегендей кетээрине аз гана убакыт калганда албууттанууга өттү. Ат башындай амбициясын артынып алып, Ала-Тоо ичин чалмакей чалган алты жылына алымсынбай калганбы, айтор эми коӊшу өлкөлөргө да асылып алмай адат тапты.

 

7-октябрда Алмаз Атамбаев “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземинде  “Мен Назарбаевдин бизге жаш президент шайлансын деген сөзүн колдоймун. Бирок биздин президенттикке талапкерлерибиздин эң улуусу Назарбаевден 20 жашка кичүү. Мен өзүм Назарбаевден 16 жашка кичүүмүн. Кимге жаш президент керек экен? Бизгеби же Казакстангабы? Биз тарыхты билебиз, казактар биздин бир туугандарыбыз.  Казактар - бул бизбиз, мындан 500 жыл мурун Чыңгызхандын тукумунан султан дайындаган, азыр деле казактарды казактар эмес, Чынгызхандын тукумдары башкарып келатат”,- деп делөөрүп, дипломатия, эки тараптуу мамиле дегендерге ушатып салды. Албетте, ажо деген кайсы бир кырдаалдарда катуу, өктөм болушу керек. Бирок, эч качан бир элдин тарыхы жана анын башкаруучуларына карата чаласабат маалыматты урдурбоо абзел эмеспи. Же өзү тегин алты жыл издеттирип атып араӊ тапканына делөөрүп кеткенби? Айтор бул сөзүнүн кедергиси бүтүн өлкөгө тийбесе болду.

 

Булак: “Майдан.kg” гезити, №46 (324), 10.10.2017-ж.