Азыркы күнгө чейин парламенттеги «Республика-Ата Журт» фракциясынын лидери Ө. Бабанов бир убакта өзү демилгелеген «Коопсуз шаар» долбоорунун жүзөгө ашпай калганына ичи тызылдап келет. Анан буга өзүн эмес, өзүнөн кийинки келген өкмөттөрдү күнөөлөгөнүн да койбоду. Анан дагы «Муну мен баштадым эле, бирок жүзөгө ашырттырбай коюшту…» деп элге даттанганын да токтотподу.

 

Бул долбоордун жүзөгө ашпай калганына биринчи кезекте, ага сарптала турган акча каражатынын өтө эле көбөйтүлүп көрсөтүлгөнү болгонун айтып коюшубуз керек. Бабановдун эсеби боюнча бул долбоор 85 миллион доллар каражатка ишке ашуусу керек болгон. Ал эми ошондой эле долбоор Казакстандын Астанасында 25 миллион долларга жүзөгө ашкан. Стамбул жана Париж шаарларында да 25-30 миллион долларга жасалган. Демек, ошондо Бабанов бир эле ушул долбоордон чөнтөгүн бери жагы 50-60 миллион долларга кампайтып алгысы келгенин түшүнө берсек болобу?

 

Картинки по запросу Бабанов

 

Эми анын экинчи тарабы тууралуу бир аз кеңири баяндап берели. 2010-жылдагы апрель революциясынан кийинки өлкөбүздөгү приоритеттүү долбоорлордун бири дал ушул «Коопсуз шаар» долбоору болуп калган. Бул долбоор жолдордогу автоунаалардын кыймылынын коопсуздугун көзөмөлгө алууну жана жол кырсыктарынын азайышын камсыздоосу керек эле.

 

Президент Алмазбек Атамбаевдин тапшырмасы менен ошол убактагы премьер-министр Ѳмүрбек Бабанов тиешелүү органдарга долбоорду реализациялоо укугуна конкурстук тендер өткөрүү үчүн техникалык тапшырмаларын иштеп чыгууну тапшырган. Ошол убакта Кыргызстанда «Синоконст» деп аталган кытайлык ири компаниянын өкүлдөрү иштеп, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана КР өкмөтү менен активдүү мамиле кура башташкан.  

 

Анан бул компания тендер өтө турганын билишип, бул долбоорду реализациялоо үчүн Кыргызстанда биргелешкен ишкана түзүшөт. Анан алар ортомчулар аркылуу ошол убактагы премьер-министр Ө. Бабанов менен бейрасмий мамиле түзүүгө жетишет. Алардын ортосундагы мамиле жакындашкан соң, Бабанов аларга тендерде утуп чыгууларын жана дал ушул компания жабдууларды коюп жана долбоордун программалык коштоолорун камсыз кылууну жасай тургандыктарын убада кылат. Бирок, жеңишке жетүү кепилдиги үчүн Бабанов өзүнүн адамдары аркылуу алардан 500 000 доллар, ал эми долбоор ишке киргенден кийин дагы 500 000 доллар берүүлөрүн талап кылат.

 

Ошентип 2012-жылы Бабанов өзүнүн адамдары аркылуу кытайлык компаниянын өкүлдөрүнөн 500 000 долларды алат. Анан албетте, 2013-жылы чындап эле ошол кытай компаниясы «Коопсуз шаар» долбоору боюнча тендерден жеңүүчү болуп чыгат. Бирок, ошондон көп өтпөй эле Бабанов өзүнүн премьер-министрлик кызматынан «тебилет». Андан кийин ал долбоорду жүзөгө ашыруу үчүн сарптала турган каражаттын суммасы өтө эле көбөйтүлүп калганы боюнча нааразычылыктар жаралып, тендердин жыйынтыгы жараксыз деп табылат дагы, тендердин жеңүүчүсү менен келишим бузулат.

 

Кийин өкмөт башына башка жетекчи келет. Анан кытай компаниясы бул долбоор менен алектенип баштаган кийинки өкмөттүн кызматкерлери менен да байланышка чыгат. Аларды Пекинге да чакырышат. Анан ал жактан алар Ө. Бабановдун жасаган кадамына нааразычылыктарын билдиришет. Бирок, Пекинге баргандардын арасында Бабановдун да адамдары болгондуктан, алар жаңжалды козутуу кереги жоктугун айтышып, кийинки тендерде бул компаниянын утуп чыгуусун камсыз кылып берише турганын айтышат.

 

Бирок, кытайлык компания 500 000 долларын Бабановго алдырып коюшканы менен бүгүнкү күнгө чейин же берген акчаларынан жок, же долбоордон жок акыйып күтүп турушат. Айрым маалыматтарга караганда алар жакынкы убакытта Бабановдун мына ушул кыңыр ишин ачык айтып чыгууга даярданып жатышат.

 

Ушул долбоорго байланыштуу дагы бир кызык жагдай бар. Бабанов өкмөт башчысы болуп турганда Бишкек жана Ош шаарларында «Коопсуз шаар» долбоорун ишке киргизүүгө кошкон салымдары үчүн Россиянын жарандарын тапанчалар менен сыйлаган. Муну далилдеген 2012-жылдын 14-майында ошол кездеги премьер-министр Ө. Бабановдун колу коюлган буйрук бар. Анда мындай деп жазылат: «Ош жана Бишкек шаарларынын алкагында «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашырууга кошкон чоң салымдары үчүн тɵмɵндɵгү  24 адам  Glock 17, Glock 19, Tanfoglio Stock II, SIG—Sauer Р 226 X—Six и Ruger LCP 380 Auto тапанчалары менен сыйланышсын. 

Мына ушул буйрукка кол койгонун Бабанов тана албаса керек. Баарынан кызыгы ошол курал-жарак менен сыйланган россиялыктардын арасында Михаил Васильев аттуу адам да болгон. Ал адам Россиянын атайын кызматынын маалыматы боюнча Тверск облусундагы криминалдык дүйнөнүн башчысы болуп саналат.

 

Россиянын ФСБсынын маалыматы боюнча бул адамдын кылмыштуу тобу коркутуп-үркүтүү, физикалык кысым көрсөтүү, шантаж жолу менен ар кандай мыйзамсыз иш-аракеттерди жасап келген. Ал Тверск облустук администрация кызматкерлерин, укук коргоо кызматкерлерин «сатып алуу» жолу менен ошол аймактагы ишканалардын да акцияларына ээлик кылып калган. Ошол эле маалыматты КР премьер-министри Ө. бабановдун 2012-жылдын 14-майындагы №194 буйругунун негизинде «Ош жана Бишкек шаарларынын алкагында «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашырууга кошкон чоң салымдары үчүн Glock -19 ок атуучу тапанчасы менен сыйланганы да баса кɵрсɵтүлгɵн.

 

Ошондо Бабанов эмне себептен ишке ашпаган долбоор үчүн россиялыктарга сыйлык тапшырган деген суроо жаралбай коебу? Анын үстүнө эмнеге аларга тапанчалар менен сыйлык тапшырган? Же алардын арасында кылмыштуу топтун өкүлү бар экенин алдын-ала билгенби? Же башынан эле ал ошол кылмыштуу топтун анабашчысы менен жакшы мамиледе беле?

 

Дагы бир жагдайды айта кетели. 2013-жылы юстиция министрлиги «Коопсуз шаар» долбоору боюнча келишим түзгөн кызмат адамдарынын аракетине тескери баа берген бүтүмүн чыгарып, өкмөткө жөнөткөн. Ал бүтүмдө: «КРнын мурдагы ɵкмɵтүнүн курамындагы айрым чиновниктердин кытайлык компания-подрядчик менен жең ичинен сүйлɵшүп алуу фактысы аныкталды. Натыйжада «Коопсуз шаар» долбоорунун баасы жасалма түрдɵ жогорулатылып, 85 млн. долларга жеткирилген, ошондуктан долбоор ишке ашкан жок. Бул ɵлкɵгɵ моралдык жана материалдык зыян келтирди», - деп жазылган. Мына ушул бүтүмдү юстиция министрлиги чыгарган кезде, министр Алманбет Шыкмаматов болгон. Эми бүгүн ал эч уялбастан туруп президенттикке талапкер Ө. Бабановду коштоп жүрөт.

 

Ошентип өзү «Коопсуз шаарды» демилгелеп, кайра анын баасын бери жагы үч эсе көбөйтүп көрсөтүп, кытайлык компанияны тендерден утуп чыгуусу үчүн кам көрүп 500 000 доллар алып коюп, анан бүтөлек эле долбоорго жакшы салым кошушту деп 24 россиялыкка тапанча белек кылып, сыйлаган Бабанов бүгүн өзүн сүттөй таза көрсөткүсү келет. «Уялбагандан өзүң уял» деген ушул тура.