Борбордук шайлоо комиссиясы президенттикке талапкерлерге таң калаарлык саясатын жүргүзүүдө. Мындан мурун диний аалым Чубак ажы Жалилов талапкер Сооронбай Жээнбековдун пайдасына үгүт жүргүзгөн. Ага нааразы болгон жарандык активист Адил Турдукулов БШКга арыз менен кайрылган. Жыйынтыгында, БШКнын эскертүүсү Жээнбековго эмес, четте турган Камчыбек Ташиевге түштү. Муну Чубак ажы үгүт жасаган иш чарага Ташиев аркылуу барган деп түшүндүрүшкөн.
Эми диний ишмер Садыкжан Камаловдун талапкер Бабановдун пайдасына жүргүзгөн үгүтү үчүн эскертүү «ташы» Бакыт Төрөбаевдин башына тийгени турат. Көрсө, бул диний ишкерди да иш чарага Бакыт Төрөбаев алып барыптыр.
Мындай аракетин БШК «кош стандарттуулук» деп атап коюп, өздөрү да адашып, элдин да башын катырып атышат.
Талапкердин айланасындагылар кайсы бир иш чарага алып барчу адамынан жолду катар «ашыкча кеп айтпайм» дегизип, антын алып башташпаса болду.