Кечээ, 7-октябрда, мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземи болду. Анда өлкө башчысы Атамбаев айрым президенттикке талапкерлер Казакстанга «ат тезегин кургатпай каттап» атышканын айтты.
Президенттин айтымында, «казакстандык миллиардер Утемуратовго жүгүнүүгө биздин сариевдер, бабановдор жана башкалар барышууда».
Ошондой эле президент 2009-жылкы Курманбек Бакиев утуп чыккан президенттик шайлоо тууралуу да кеп салды.
«2009-жылы шайлоого жоопкерчиликтүү болгон адамдар жалаа жаап жатышканына күбө болуп атабыз. Биринчи вице-премьер Өмүрбек Бабанов жана өкмөттүн министри, бакиевчи Бакыт Төрөбаев болгон», - деди ал.
Эске салсак, эки күн мурда интернетте президенттикке талапкер менен казак олигархы Утемуратовдун телефондук сүйлөшүүлөрүнүн аудиосу жарыяланган. Анда, Сариевдикине окшош үн казак олигархына жагынып, жолугушууга макулдатканы белгилүү болду.
Темир Сариевдин штабы бул сүйлөшүүнү монтаж дешкен жок. Бирок, ал кыргыз саясатына тиешеси жок экенин белгилешти. Ошондуктан, талапкердин штабынын көз карашында, бул аудиого байланышкан ушактарга жооп берүүнүн деле зарылчылдыгы жок экен. Анткен менен Сариевге таандык делген үндүн: «Бизде азыр үгүт иштери жүрүп атат, же сен жардам бербейсиң, унуттуң…» деген көп маани камтылган кеби да аудиодо жүрөт.
Атамбаев сөзүндө Сариевдин ушул сүйлөшүүсүн мисалга алды көрүнөт. Ага чейин дагы бир талапкер Бабанов дагы Казакстандын президенти Назарбаев менен жолугушуп келе койгон. Ал жолугушуу да Утемуратов аркылуу болгонун айрым маалымат каражаттары жазып чыккан. Атамбаев кыйытма жолу менен башка талапкерлерден элдин колдоосун алыстатып, өз мураскерин өткөрүүнүн амалын жасап атабы, же чын эле кыргыздын президент болом деген мырзалары башка өлкөнүн бай-манаптарына жагалданып атканы жанын кашайттыбы, белгисиз.