Президенттикке талапкер Бакыт Төрөбаев өзүнүн тандемдеши Өмүрбек Бабановдун пайдасына талапкерлигин алып салганын, буга байланыштуу арыз менен БШКга кайрылганын 6-октябрда Кочкор-Ата шаарында шайлоочулар менен жолугушуу учурунда билдирди.

 

Төрөбаев Бабановдон кетти деген сөздөр чындыкка дал келбесин да бекемдеди. Боршайкомдон азырынча Төрөбаевден талапкерлигин алуу боюнча арыз түшө электигин маалымдашты.

 

Бакыт Төрөбаев Өмүрбек Бабанов менен 17-сентябрда Жалал-Абад шаарында саясий тандемге кол коюп, президенттик шайлоодо Бабановду колдоп чыгарын билдирген. Саясий тандемге ылайык, Өмүрбек Бабанов президент болуп шайланса, Бакыт Төрөбаев премьер-министр болот.

 

Өмүрбек Бабановдун Оштун Он-Адыр айылында сүйлөгөн сөзүнөн кийин Бакыт Төрөбаев тандемден баш тартканы тууралуу маалыматтар айтылган. Бирок бул маалыматтарды Төрөбаевдин штабы четке каккан эле.

 

Булак: "Азаттык"