Президенттике аттанып жаткандардын арасында биздин жер планетасына тиешеси жок адам да бар экенин билесиздерби? Билбесеӊиздер ал - Абдылдаев Арстанбек Бейшеналиевич.

 

Бул киши 2000-жылдан баштап “Ауирдин” ЖЧКнын негиздөөчүсү жана директору. Бул компания нефть продуктыларын сатуу менен алектенет жана аймактарда май куюучу жайлары бар. Үй-бүлөлүү. Төрт баланын атасы. “Эл үчүн” партиясынын жетекчиси. Кызыгы Арстанбек мырзанын каймана аты Арстан Алай. Элге, “кыш болбойт” жана “Путин - татаал биоробот” аттуу жарыялары менен таанымал.  Өзүн коомдук ишмер катары тааныткан Арстанбек Абдылдаев кээде көзү ачык дагы боло коет. Дегеним, “2013-жылы Жер тарелка формасын алат” жана “Мен 500 жыл жашайм жана андан кийин бууланып кетем” - деп жүрөктөрдү шуу эттирген. 

 

Арстан Алай деген каймана аты өзүнүн айтымында: “Ыйык ысым. Аны көптөр көтөрө албагандыктан мага ыйгарышкан”,- деп түшүндүргөн. “Саясатка келгенимде мени жөлөп-таяган “министр байке”, “тааныш депутат” деген болгон эмес. Эмнеге жетишкен болсом, өзүмдүн тырышчаактыгым, аракетимдин арты менен гана жетиштим. Турмуштун айынан темир, жүн, тери чогултуп Кытайга өткөрүп иштедим”,- деп келет. Бирок анын бизнести “аялынын төшөгү” менен кантип баштаганы аликүнчө Ат-Башыда аңыз кеп болуп келет.

 

Деги бизге кимдер ажо болгусу келип атат? Көздү ачууга мезгил деле келип жетти го.

 

Булак:  “Майдан.kg” гезити, №45 (323), 06.10.2017-ж.