Президенттикке талапкер  Сооронбай Жээнбековду  салмактуу, абройлуу саясый партиялардын, коомдук уюмдардын колдоосу уланууда. Буга чейин талапкерди  “Бириккен Элдик Кошуундар”, “Айкɵл Ала-Тоо” кыймылдары, “Замандаш-Современник”, “Кыргызстан”,  “Мекеним Кыргызстан” сыяктуу ондогон партиялар колдоп чыгышкан. Эми “Аруу Эл” партиясы, парламенттеги “Бир бол” фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов, саясатчылар Камчыбек Ташиев, Исмаил Исаков, Кыргызстандагы энелер менен аялдар, Ооган жана Баткен согушунун ардагерлери колдоорун билдиришти.

 

Кыргызстан энелери: “Мамлекет башаты – үй-бүлɵ”

 

Энелер эч качан ɵлкɵнүн эртеңки тагдырына кайдыгер караган эмес. Бул ирет да ошондой болду. “Аялдар кеңеши” коомдук бирикмеси баштаган бир нече уюмдардын демилгеси менен Сооронбай Жээнбековду колдоо иретинде Бишкектеги Курманжан Датка эстелигинин алдында Υй-бүлɵ күнүнɵ карата иш-чара ɵткɵрүлдү. Ага 300дɵн ашык адам катышты. Анда энелер Сооронбай Жээнбековдун программасы элге социалдык жактан колдоо кɵрсɵтүүгɵ, үй-бүлɵ институтун бекемдɵɵгɵ жана энелер менен балдарды коргоого багытталгандыктан колдоп жатышкандарын билдиришти.

Энелер эң биринчи  кезекте ɵлкɵдɵ тынчтык, эл ичинде ынтымак, кут болушун тилешээрин айтышып, ар дайым стабилдүүлүк, биримдикти жактап келген Сооронбай Жээнбековду колдоого жамы журтту чакырышты.

 

 

Алтынбек СУЛАЙМАНОВ, “Бир бол” фракциясынын лидери:  

 

“Биз ыймандуу жана таза талапкерди колдойбуз!”

 

Парламенттеги “Бир Бол” фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов Сооронбай Жээнбековдун Ноокаттын тургундары менен жолугушуусу учурунда чогулгандарга кайрылып: “Жээнбековдордун СССР кулагандан кийин объекттерди менчиктештирип, ɵлкɵ казынасына колдорун салганга толук мүмкүнчүлүктɵрү бар болчу. Бирок алар антишкен жок. Бул киши тууралуу бир жаман сɵз уга элекпиз. Ал атасынын да, ɵзүнүн да атын булгаган жок. Биздин фракция кɵпкɵ ойлонуп, Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин колдоону чечтик. Фракция лидери катары 15-октябрда Сооронбай Жээнбековго добуш берүүгɵ чакырам”,- деди. Саясатта ары бери чайпала бербеген олуттуу саясатчынын омоктуу сөзүн Сооронбай Жээнбековдун шайлоочулары кол чабуулар менен коштоду.

 

 

Исмаил ИСАКОВ:

 

“Кыргызстанга туруктуулуктун орношуна чоӊ салым кошкон”

 

Картинки по запросу исмаил исаков

 

 

Сооронбай Жээнбековдун Алайдагы шайлоочулары менен жолугушуусу маалында белгилүү коомдук жана мамлекеттик ишмер, генерал Исмаил Исаков түз сөзүн айтты.  “Сооронбай Жээнбеков 2010-жылы Ош окуясында ар бир адам менен сүйлөшө билген дипломаттык сапатынын аркасы менен Кыргызстанга туруктуулук алып келүүдө эбегейсиз чоң салым кошкон адамдардын бири. Бүгүн ушул адам чоң казатка аттанып жатат, добушубузду сатпастан, президенттикке колдойлу! Ар бир тепкичти өткөн адам катары, тажрыйбасы, акылы, жашы боюнча да ылайыктуу адам катары менин көңүлүмө бир гана Сооронбай Шарипович  толду!”,- деди ал. Айтылуу генералдын мамлекеттик маанилүү маселелерде дайыма калыс, түз сөзүн айтаары коомчулукка жакшы белгилүү.

 

Камчыбек Ташиев стабилдүүлүк үчүн жол бошотту

 

“Ата Журт” партиясынын лидери Камчыбек Ташиев президенттикке өз талапкерлигин Сооронбай Жээнбековдун пайдасы үчүн алып, Сузактын жашоочуларын Сооронбай  Жээнбековго добуш берүүгɵ үндѳдү. “Ɵлкɵнүн стабилдүүлүгү, элдин ынтымагы үчүн “Ата Журт” партиясынын ɵлкɵнүн аймактарындагы мүчɵлɵрүнɵ жана тарапкерлерине кайрылып, Сооронбай Жээнбековго добуш берүүгɵ чакырам”,- деди ал.

 

“Аруу Эл”:  “Президенттикке бардык жагынан төп келет”

 

“Аруу Эл” саясий партиясынын тɵрагасы Рустам Жунушалиев кыргыз элине кайрылып, Сооронбай Жээнбековго добуш берүү чакырыгын таштады. Анын айтымында, Сооронбай Жээнбеков баардык жагынан бышып жетилген. “Сооронбай Жээнбековго токтолгондон мурда биз бардык талапкерлерди карап кɵрдүк. Анын мамлекеттик башкаруу кызматтарында чоң тажрыйбасы бар. Ар бир адам  колунан жакшы келген иш менен алектениши керек. Ишкерлер ишкерликти ɵнүктүрүшсүн, мамлекетчилдер ɵлкɵнү башкаруу иштеринде болсун. Ошондо гана ɵлкɵдɵ туруктуулук, ɵнүгүү болот”, - деди Рустам Жунушалиев.

 

Ооган жана Баткен согушунун ардагерлери: “Тынчтык үчүн!”

 

Картинки по запросу ветераны афганистана кыргызстана

 

 

Буга чейин Ооган жана Баткен согушунун катышуучулары атайын авто жүрүш  уюштурушуп, Сооронбай Жээнбековду колдой тургандыктарын билдиришкен. Иш чара учурунда Ооган согушунун ардагерлер кеңешинин тɵрага орун басары Аманкул Азимов: “Сооронбай  Жээнбеков ынтымактуу, биримдиктүү эл гана ар кандай коркунучтарга каршы тура  аларын жакшы түшүнүп, элдерди улутуна, аймагына карап бɵлбɵйт, ал үчүн кыргызстандыктар деген гана түшүнүк жашайт. Биз шайлоодо Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин колдойбуз!”,- деди.

 

Ал эми Баткен окуясынын  ардагери Нарынбек Акматов эмне үчүн Сооронбай Жээнбековду колдоорун мындайча түшүндүрдү: “Сооронбай Жээнбеков Борбор Азия аймагында тынчтык болуусун каалап, кошуна ɵлкɵлɵр менен достук мамилени күчɵтүүгɵ аракет кылууда. Анын чек ара маселеринде ийгиликтүү сүйлɵшүүлɵрдү жүргүзɵ алгандыгы кɵп нерседен кабар берет. Биз анын бул иштерди эми президент катары улашын каалайбыз”.

 

Булак: "Майдан. kg" гезити