Бүгүн "Шайлоого чейинки жана шайлоодон кийинки коопсуздук" деген темада тегерек стол өтүүдө. Уюштуруучусу - "Акыйкат шайлоо үчүн" кыймылы.
Анда экс-президент Роза Отунбаева шайлоо эмес, шайлоодон кийинки анын жыйынтыгын таануу башкы маселе экенин белгиледи.
"Коомдогу окуяларга бизди реакция кылбай жатат дегендер болуп атат. Ыкчам болбой аткандыр, бирок реакция жасап атабыз. Бүгүнкү жыйындын өзү реакция. Жаштар “Биз коркпойбуз” деген акция өткөрүштү. Азыркыдай чыңалуу улана берсе, дагы митингдер болушу мүмкүн. Шайлоодон кийин шайлоонун легитимдүүлүгү чоң маселе болуп турат. Шайлоо күч менен өтүп, легитимсиз болушу ыктымал. Биз шайлоо легитимсиз болуп калбасын деп аракет кылып жатабыз", - деди Роза Отунбаева.