Саясат.kg - Маалымат-аналитикалык портал

Аба ырайы

КРУБ валюталар баасы

13.06.2026 Курс  
USD 87.45  
EUR 101.24  
RUB 1.21  
JPY 5.47  
CNY 12.93  
  • Русский
 
  • Негизги барак
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
Ишемби, 13 июнь 2026
           
Категория: Саясат
30.09.2017 21:43
Просмотров: 260

Каныбек Иманалиев: Канат Исаев менен төңкөрүш жөнүндө сөз болгон эмес

Саясат

 

Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынан депутат Каныбек Иманалиев интернетте тараган видео тасмалар тууралуу "Азаттык" радиосуна комментарий берди:

 

- Төрт видеону тең көрүп чыктым. Канат Исаев акча менен кармалды делген видео боюнча эч нерсе айта албайм. Анын канчалык чындыкка жакын экенин тергөө-иликтөө иштери далилдейт. Мага байланыштуулары боюнча кайрылсам, Эркин, Улан, Арсен, Жумагулов деп жүрөт, мен алардын бирин да тааныбайм. Алар менен жолугуп, сүйлөшкөн да эмесмин. Канат Исаев менен шайлоо башталгандан бери үч-төрт жолу кесиптеш катары жолуктук. Аны менен криминал, акча таркатуу, төңкөрүш жөнүндө сөз болгон эмес, - деп билдирди Каныбек Иманалиев.

 

Бүгүн УКМК парламенттеги "Кыргызстан" фракциясынан депутат Канат Исаев жана кылмыштуу топко мүчө деген айрым адамдар массалык башаламандык уюштуруу жана бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү фактысы боюнча кармалганын кабарлаган.

 

"Канат Исаев президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун жигердүү колдоочусу болуп туруп, уюшкан кылмыштуу топтордун өкүлдөрү менен алдын ала сүйлөшүп алып, массалык башаламандыктарды уюштуруп, андан соң бийликти күч менен басып алуу максатында атайын жаш балдарга акча таратып, чогултуп жана даярдап жаткан. Учурда тергөө жүрүп жатат" - деп маалымдаган УКМК.

 

Анын алдында Исаевге кылмыш иши козголгонун Башкы прокуратура кабарлап, материалдар УКМКнын Тергөө башкармалыгына жиберилгенин айткан.

Андан кийин интернеттеги Youtube каналында "Канат Исаев даярдык үчүн миллион берип жатат", "Криминалдын бийликти басып алуу боюнча сүйлөшүүлөрү (Бабанов-президент, Исаев-спикер, Төрөбаев-премьер-министр)", "Канат Исаев бийликти басып алуу үчүн криминал даярдады", "Канатбек Исаев согушкерлерди даярдоо үчүн уюшкан кылмыш тобуна миллион берүүдө" деген аталыштагы видео тасмалар тараган.

 

Алардын биринде "Ата Мекен" фракциясынан депутат Каныбек Иманалиевдин да ысымы аталган. Улан жана Эркин делген балдардын сүйлөшкөн сөздөрү жазылган тасмада алардын бири суроо берип экинчиси ага жооп кайтарган. Алардын бири "Каныбек Иманалиев менен Канат Исаев менен жолугуп сүйлөштү, андан кийин Исаев "Кеминди каржылоо маселеси чечилгенин айтты" деген. Канат Исаевдин жакын санаалаштары жана "Кыргызстан" партиясы анын кармалышы тууралуу комментарий бере элек.

 

Азаттык

           

Бөлүмдөр

  • Укук-тартип
  • Дγйнө жүзүндө
  • Шоу-бизнес
  • Спорт
  • Видеотасма
  • Аналитика
  • Шайлоо-2020

Алдын ала талдоолор

Салык саясаты. Ишкерлерге жеңилдик берүү максатында патент системасы кайра ишке кирет

“Мамлекеттик органдар жаңы жылда салют атуу, корпоратив өткөрүү салтын токтотушу зарыл” - Камчыбек Ташиев

Кыргызды жамандаган “грант жегичтердин” бети ачылды

Калгандары...

Аналитика

Камчыбек Ташиевдин чыныгы электораты

Ташиев стандарттарды өзгөртүүдө: Долпран иши системалуу мыйзам бузуууларды кантип ачып берди

Шайлоо алдындагы абал. Дестабилдештирүү сценарийинин артында кимдер турат?

Калгандары...
  • түштөнүү
  • Жолдошбек Орозов
  • кол тийбестик
  • Асия Сасыкбаева
  • Кубатбек Боронов
  • КСДП
  • Темирбек Асанбеков
  • аткезчилик
  • карыз
  • кумаркана
  • Баткен
  • имамдар
  • Нурбек Мурашев
  • Мурадыл Мадеминов
  • Икрамжан Илмиянов
  • паспорт
  • Гуля Алмамбетова
  • Муратбек Мукашев
  • Азиз Турсунбаев
  • Депутат
  • Долбоор жөнүндө
  • Байланышуу маалыматы

© "Саясат.kg" – Маалымат-аналитикалык портал, 2011.
Бардык маалыматтарды колдонуу жана таратуу «Саясат.kg» порталына таянуу менен жүргүзүлөт
(Интернет басылмалары үчүн - www.sayasat.kg)