Кайрылуунун авторлору байыртадан “кыйкыра турган учурда унчукпай коюу – кылмышка тете” экендигин эске алып, ушул талап менен чыгып жатышкандыктарын айтышкан.

 

Кайрылуунун тексти:

 

 “2010-жылдагы Ош жана Жалал-Абад областарынын аймагында болуп өткөн трагедиялуу окуялардын К.Батыров баш болгон сеператисттердин билдирүүлөрүнө бийлик жана калк тарабынан кайдыгер мамиле жасалгандыктан, аягы өтө аянычтуу болгонун баарыбыз жакшы билебиз. Ошол трагедиялуу окуялардан жапа чеккен жана тынчтыктын баркын, баасын жакшы билген эл катары, биз, Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун тургундары сиздин 28-сентябрда Ош шаарынын Он-Адыр аймагында болуп өткөн шайлоочулар менен жолугушуу учурунда улут аралык мамилени козгоп сүйлөгөн сөздөрүңүзгө кайдыгер карап тура албадык. Себеби, 2010-жылдагы июнь окуясынын жараты бүтө электе, жүздөгөн жылдардан бери базары да, мазары да бир, дини да, тили да бир, кыз алышып, кыз беришип келген бир тууган кыргыз жана өзбек элинин ортосуна “от жагуу” аркылуу бийликке жетүүнү эңсөөңүздү кылмышка тете иш деп эсептейбиз! Сиз ал жерде сүйлөгөн көп сөздөрүңүздүн биринде: “Урматтуу өзбек калкым! Чөгөлөп туруп жашаганча, тике туруп өлгөн жакшы! Бардыгыңар бир болсоңор, бирөөңөрдү урса баардыгыңар чыксаңар, эч ким силерге каршы тура албайт! Элди – бул сел дейт, эл турганда сел болуп агызып кетет! Бардыгыңар өзбек калкына чалгыла, бир туугандарыңа чалгыла, ким, кайсы бир милиция өзбек калына тийсе, ал кызматынан кетет! Сен сөз берем”,- деп сүйлөдүңүз. Ушул контекстен келип чыгып, биз сизден төмөндөгү суроолорго массалык маалымат каражаттары аркылуу жооп берүүңүздү суранабыз:

 

1. Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган өзбек улутундагы мекендештерибиз кимдин алдында чөгөлөп жашап жатышат жана кимге каршы согушуп, тикесинен туруп өлүшү керек?!!

 

2. Эгерде жөнөкөй эле турмуш-тиричилик шарттардан улам өзбек улутундагы мекендешибиз менен башка улуттун өкүлү урушуп кетсе, бүткүл өзбек элин каршылыкка чакырууңуз,  “сел болуп агызып кеткиле” деген пикириңиз мыйзам нормаларына туура келеби? Анын натыйжаларына жооп бересизби?

 

3. Эгерде кайсы бир милиция кызматкери өзбек улутундагы жаранды өз укук-милдеттеринин чегинде кармаса, эмне үчүн бүткүл өзбек калкы бири-бирине, бир туугандары чалышып, аны коргоого алышы керек? Анда эмне үчүн ушундай эле чакырыкты өлкөбүздө жашаган башка улуттарга да таштабайсыз же алар экинчи сорттогу жарандарбы?

 

4. Кайсы жерде кандай кийинүү сиздин жеке укугуңуз экенин түшүнүп турсак да, эмне үчүн өзбек мекендештерибиз менен жолугушууга калпак кийип барган жоксуз? Же, эмне, улуттук баш кийимибиз болгон калпак кийинүүдөн уяласызбы, же жөн эле эки жүздүүлүгүңүзбү?

 

5.  Алдыңызда, “кыргыз элим” эмес, “Кыргызстандын эли” деп сүйлөөнү талап кылган жаранга, мыйзамчы депутат, өлкөнүн президенти болууну көксөгөн адам катары Башмыйзамдын 1-беренесинде мамлекетибиздин аталышы  “Кыргыз Республикасы (Кыргызстан)” деп атлаарын, ага ылайык биздин өлкөдө жашаган башка улуттарды “кыргыз эли” деп да айтса болорун түшүндүрүп койбогонуңузду кандай бааласак болот?

 

6. Сиз үчүн президенттик мансап элдин биримдигинен, мамлекеттин бүтүндүгүнөн да кымбат турабы?

 

Жогоруда айтылгандардын негизинде, биз Сизден ата-бабаларыбыздан бери келе жаткан салтка ылайык, куруңузду моюнга салып КЫРГЫЗ ЭЛИНЕН кечирим сурооңузду ТАЛАП кылабыз! Мындай аракетиңиз саясий карьераңыздын, эл арасындагы кадыр-баркыңыздын жана жигиттик намысыңыздын сакталып калышына өбөлгөн түзөт деген пикирдебиз”.