Кантсе да карт бөрү эмеспи, депутат Исхак Масалиев вице-премьер-министр Темир Жумакадыровду сылык гана ордуна коюп койду.
Депутат вице-премьер-министр Темир Жумакадыровго “15-сентябрда бир талапкер тууралуу жакшы эмес пикир сүйлөгөнсүз. Буга эмне дейсиз?”- деген эл өкүлүнө “Бул жерден журналисттер суроо берген коопсуз шаар боюнча. Сиз айткан талапкер тараптан бир топ сын-пикирлер айтылды деген суроо берген. Мен ошого гана жооп бергем”,- деп Жумакадыров эки алган балача башын шылкыйтты. Жеӊиш өз тарабына оогонун сездиби, айтор Исхак мырза “Сиз ар бир сөзүңүздү абайлап сүйлөңүз. Калыстык болбой жатат. Эскертип коеюн дедим”,- деп дагы бир ирет сүзүп өттү. Атасынан тил уккан балача Темир мырза үндөй албады. Кантип үндөй алат, өзү эмне деп сүйлөп, эмне иш аткарып атканын анчейин түшүнө албай атып…
Булак: "Майдан. kg" гезити