Президенттикке талапкер Темир Сариевди ушу күндөрү бир топ саясатчылар “чанып” кетишүүдө. Алсак, штабынын башчысы болуп турган Элмира Ибраимова, саясатчылар Шамшыбек Медетбеков, Бейшенбек Болотбеков, Аликбек Жекшенкулов өӊдүүлөр Сариев менен ажырашышты.
“Ажырашуунун” себебин Жекшенкулов: “Биз идеологиялык саясий кызыкчылыктын негизинде Темир Сариевди колдоп жүргөнбүз. Башында ушул адамдар менен мамлекет үчүн көп жакшы иштерди жасасак болот деп ойлогонбуз. Бирок Сариев Сокулукта катачылык кетирди. Атамбаевдин саясатын уланта тургандыгын көрсөттү. Бүгүнкү күнө Атамбаевдин саясатын улантпай аны өзгөртүүчүлөр керек. Бардык тармакта өзгөрүүлөр, жаңылануулар болушу керек”,- деп түшүндүрдү. Айтор шайлоо бүткүчө Сариев жападан жалгыз калбаса экен.
Булак: "Майдан. kg" гезити