(Узун сөздүн уландысы)
- Сабыр байке, сөзүбүздү учурда кызуу жүрүп жаткан 15-октябрда өтүүчү президенттик шайлоо маселесине буралы деп турабыз. Убакыт өткөн сайын үгүт иштери кызып, өз ара айыптоолор күч алып, абал курчуп бараткандай. Акыркы ызы-чуу жараткан чуулгандуу окуя Өмүрбек Бабановдун казак президенти Нурсултан Назарбаевге жолугуусуна байланыштуу болду. Ушу маселе боюнча кенен кеп салып, чоо жайын талкууласак деп турабыз. Бул жолугушуунун оң, терс жактары тууралуу айтсаңыз, жаман жагы кайсы, жакшы жагы барбы, деги?
- Талапкерлер эмне үчүн шайлоо учурунда орустун, казактын чоңдору менен жолугушууга ынтызар? Анткени, элибиз, биздин жакын коңшулар, стратегиялык өнөктөштөр менен жылуу, достук мамиледе болушубузду каалайт. Ошондой ынтымакта өмүр сүргөндө гана тынчтык өкүм сүрүп, өнүгүп өсөөрүбүздү билишет. Акыркы жылдардагы оор кырдаалда көптөгөн замандаштарыбыз ошол коңшулар жакка ооп барышып, оокат таап, үй-бүлөөсүн багып аткандан улам дагы көптөгөн жарандарыбыз коңшулар менен мамиленин бекемделишин тилеп, коңшулар менен жакшы мамилеге үндөгөндөрдү, коңшулар жакшы кабылдап урмат-сый көрсөткөндөрдү колдоого даяр.
Коңшу, коңшу эмес сырткы күчтөрдүн зор таасири бар экени буга чейин далай ирет далилденген. АКШнын козутуусу менен Аскар Акаевди алып түшсөк, орусиянын НТВсынын берүүлөрүнүн аркасында Курманбек Бакиевден кыска мөөнөттө түңүлүп кууп чыкканбыз. Курманбек Бакиев менен Алмазбек Атамбаевди президенттике шайлаганда деле “орустар эмне дейт экен” деп Маскөөнү карап түздөнгөнүбүз эсиңерден чыга электир. 2010-жылкы парламенттик шайлоодо деле “марага жетпейт” делген “Ар-Намыс” партиясынын өзбек жарандарыбыздын добушу менен үчүнчү орунга илингенин билесиңер.
Ошондуктан биздин саясатчылардын дээрлик баардыгы коңшулар менен жакшы мамиледе экендигин көрсөткүлөрү келишип, ал жактардан тааныш-билиш, жардам издегени издеген. Жолун тапкандары жолугушуп, жолугуша албагандары жолу болгондорун шыбап, ар кими колунан келген саясатын жүргүзүп, элдин көңүлүн өзүнө бурганга жандалбастап жаткан кези. Өмүрбек Бабановдун елбасы менен жолугушуусу шайлоо алдындагы мыйзамдарга киргизилген өзгөртүүлөргө байланыштуу катуу резонанс жаратып жатат. Ал өзгөртүүлөр боюнча, талапкерлер чет элдик ЖМКларды, чет элдик аттуу-баштууларды өз үгүт иштерине колдонууга тыюу салынган. Ошого байланыштуу айыптоолор күч алып жатат. Бабановчулар ал жолугушууну үгүт иштерине колдонгондуктары тууралуу далил жоктугун, казак ЖМКларындагы маалыматтын бейрасмий адамдар аркылуу Кыргызстанга таркап кеткенине жоопкер эместиктерин айтышууда. Айыптагандар кыйыр түрүндө тиешелери бар экенин айтып, БШКга арыз жазгандар да бар.
Мен эмнени айткым келет. Албетте, кыргыз мамлекетинин тагдырын кыргыз жарандары гана чечиши керек, эч кандай сырткы күчтөрдүн кийлигишүүсүнө жол берилбеши керек. Бул талашсыз. Биз мыйзамды туура сактап жашаганды үйрөнүшүбүз керек. Мыйзамда “талапкерлер коңшу мамлекеттердин лидерлери менен жолукпасын” деген талап жок. Жолуга беришсин. Үгүт иштерин мыйзам чегинде жүргүзсө болду. Ал эми, ошол, елбасы менен Бабановдун чуулгандуу жолугушуусу тууралуу айта турган болсок пайдасы, зыяны бир тең болгондой. Негизинен, “элге баш көз болом” деп талпынгандар башка мамлекет жетекчилери менен жолугушаарда кичине күзгүгө каранып алышса, өзүлөрүнүн меркантилдүү кызыкчылыктарынан элдин кызыкчылыктарын алдыга койуп анан жолугушууга барса дегим келет.
- Эми талапкерлерге өтсөк. Азыр, он үчөө катталып турганы менен алардын көпчүлүгү үгүт иштери менен анча алектенбей эле кошулуу, биригүү, соодалашуу менен алектенип калгандай. Үчтүн бири катары аталып келген Темир Сариев да дымып, Сооронбай Жээнбеков менен Бабанов-Төрөбаев тандеми гана ат салышып жаткандай. Ушул биригип, ажырашуулар жөнүндө кеп салышсак?
- Эми, баягы “жалгыз дарак токой болбойт” деген кеп бар эмеспи. Анысыңарындай, бул шайлоо бийлик алмашуу, кайра бөлүштүрүү деген сыяктуу көптөгөн өзгөрүүлөрдү алып келет. Азыр бийлик башында турган КСДП партиясынын айланасындагы саясый күчтөр Сооронбай Жээнбековду жеңишке жеткизген күндө деле, баары бир өзгөрүүлөр болот. Болбой койбойт. Анан “Бабанов-Төрөбаев тандеми жеңишке жетсе, андан да көп, кескин өзгөрүүлөр болот” дегендер бар. Бул талапкерлерди сүрөп жаткан сүрөөнчүлөрдүн көбү “пройдохалар”, жеке кызыкчылыктарын канагаттандыруу максатында далбастап жүрүшкөндөр. Сокени (Сооронбай Жээнбеков) көбүнчө бийликтегилер, Бабанов менен Төрөбаевди партиялары, оппозициялык фракциялар, анан акыркы беш алты жылда бийликтен четтеп, оппозицияга ыктап кеткен күчтөр колдоого алып, биринчисин “адм. ресурсту колдонууда” деп, экинчисин “акчага сатып алгысы бар” деген айыптоолор коштоп, азыр негизги атаандаштык ушу эки саясый топтун ортосунда болуп калды. Темир Сариев болгон аракеттеринин баарын жасап көрдү. Рейтинги көтөрүлбөгөнүнө байланыштуу сүйлөшүүлөргө барып, биригүү аракеттерин көрүүгө мажбур болду. Бабановго байланыштуу чуулгандуу иштер көп болгонуна байланыштуу ал Соке менен бирге аракеттенүү чечимин кабыл алганы айтылууда. Темирдин мындай чечими анын колдоочуларынын арасындагы азыркы бийлик менен келишкис мамиледегилердин, штаб башчысы Элмира Ибраимова менен алгачкылардан болуп кошулуп колдоого алган Мелис Мырзакматовдун “Улуттар биримдиги” партиясынын башка жээке кетүүсүн шарттады.
Электораты бар делгендер деле шайлоо каражатсыз кыйын экенин сезип, сүйлөшүүгө ынтызаар, аты дүңгүрөп жаткан эки тарап да аларга кызыкдаар болуп, Камчыбек Ташиев Сооронбай Жээнбеков менен кошулуп бир жаңсыл болду. Буга чейин бийликке каршы биригүүгө үндөп, Торөбаев менен Бабановго ыктап келген Адахан Мадумаров Нураке менен Бабановдун жолугушуусунан кийин, “ушундай күндү көргөнчө жерге кирип кеткен оң” дегенсигенден бери тынчып, дагы кимдерди уюшмага үндөөрүн билбей тургансыйт. Калган талапкерлердин кимиси кимге ыктайт, кимиси миллион сомун сактап калууну туура көрүп баш тартаары белгисиз. Алардын шансы анча жок экени көрүнүп эле калды. Орус гезиттери тынымсыз жарнама кылып жаткан Талатбек Масадыковдон башкаларынын үгүт иштери деле байкалбайт. Андыктан алар деле өзүлөрүнчө ойлонуп бир чечимге келиши керек. Ошондуктан алардын бары жогу деле анчалык көңүл бураарлык талкууга алынган жери жок.
- Темир Сариевдин Соке тарапка ыкташы менен анын командасындагылардын да эки жээкке бөлүнүп жатканы тууралуу кеп болду. Ошол тууралу кененирээк айтсаңыз, кимдер тууралу кеп жүрүп жатат. ЖМКларда Аликбек Жекшенкулов, Шамшыбек Медетбековдор тууралуу да айтылды?
- Аликбек Жекшенкуловдун акыркы кездердеги бийликтин адам укугу, сөз эркиндигине карата болгон куугунтуктоолордон улам КСДПнын талапкерин колдой албастыгын, ошондон улам Темир менен бирге жол улай албастыгын айтканын уктум. Азыркы кезде кайсы бир тарапка кошулуу боюнча чечим кабыл алганын биле албадым. Ал жакта бир топ адамдар чечим кабыл алууга мажбур болушту окшойт. Кызуу талкуу жаратканы ошо штаб башчысы Элмира Ибраимова менен Мелис Мырзакматовдун “Улуттар Биримдиги” партиясынын бөлүнүшү болууда.
- Мелис Мырзакматовдун “Улуттар Биримдиги” партиясынын Бакыт Төрөбаевге бириккенин таң калуу, түшүнбөстүк менен кабыл алгандар жөнөкөй жарандар эле эмес, партиясынын ичинен чыгып жатканы да айтылууда. Анткени мындан бир топ жыл мурун Мырзакматов менен Төрөбаев миңдеген кишилердин астында алакан жайып, бата алышып биригишип, кийин Мелис Мырзакматовдун башына күн түшкөндө Бакыт Төрөбаев кол сунбай баса бергени белгилүү. Эми ошол окуя кайра кайталанбайт деген кепилдик барбы?
- Андай кепилдик жок. Эми булар, Мелисти куугунтуктап, соттотуп аткан Алмазбек Атамбаевдин мураскерине кантип колдошот? Ит болушат да. “Из двух зол наименшее” деп орустар айтмакчы тандоо жасашты да. Болгону ушу эки тарап болуп жатса кантишмек эле. Экинчиден ал окуядан бери канча суу акты? Бакыт да андан бери өстү, өзгөрдү, ал үчүн бул окуя да кошумча шанс болуп жатат. Тарыхын оңдогонго. Үчүнчүдөн муну бизде унутулуп бараткан кечиримдүүлүк, Манас атабызга таандык айкөлдүк катары да караганга неге болбосун.
Маектешкен Нургазы АНАРКУЛОВ, Булак: "Майдан. kg" гезити