Ушу тапта бийлик билгенин гана кылып жатат. Каршылаштарына же пикири келишпегендерге мыйзам, этика дегенди уруп ойнобой туруп бут тосууда.

 

Дегеним,  Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев жана коомдук активист Ренат Самудинов 30-сентябрь күнү Ахунбаев жана Алма-Ата көчөлөрүнүн кесилишиндеги 24-март скверинен шаардыктарды чогултуп, "Таза шайлоо үчүн" аталышындагы жөө жүрүштү өткөрмөк. Бирок, Октябрь райондук соту бул жөө жүрүшкө тыюу салганын уюштуруучулардын бири Ренат Самудинов айтып чыкты. Анын айтымында эл өкүлү мэрияга атайын арыз менен кайрылып, тынчтык жөө жүрүшүн өктөрүүгө уруксат сураган. Мэрия Октябрь райондук сотуна кайрылып, ушул жүрүшкө тыюу салууну суранган. "Соттун чыгарган чечими баш мыйзамга каршы келет. Соттун чечими 26-сентябрда чыгыптыр, биз андан 2 күн мурда жөө жүрүш болоорун мэрияга билдиргенбиз. Элдин коопсуздугун сактоо үчүн жөө жүрүштү токтоттук, 24-март скверинде жөн гана жыйын өткөрөбүз, Октябрь РИИБи менен сүйлөштүк, алар коопсуздукту карап беребиз дешти", -деп билдирди Ренат Самудинов. Арийне, мындай чектөөлөр буга чейинки бийликтерди каякка алпарганын унутуп бара жатышкандай…

 

Булак: “Майдан.kg” гезити, №42 (320), 29.09.2017-жыл.