Акыркы убактарда самтыраган кейпи менен дин тууралуу сабак өтүшүп, аялдыкына окшогон арабдашкан көйнөйчөндөр көчөгө толуп кетпеди беле.

 

Сакал коюу парз дешип, сапсайып алгандары андан арбыган. Айтор Кыргызстан акыркы учурларда Арабдашуунун плацдармына айланып бара жаткан. Кечээ, 28-сентябрда "Ислам азыркы светтик мамлекетте" аттуу эл аралык конференция болуп өттү. Иш-чарага Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев катышып, конференциянын ачылышында “Мен сиздерге президент катары да, мусулмандардын бири катары да кайрылам. “Чала молдо дин бузат" деген сөз бар кыргыз элинде. Акыркы жылдары ошондой чала молдолор көбөйүп, аларды ээрчигендер андан бетер көбөйүп, биздин ыйык ислам динибизге көлөкө келтирип, таза денеге чыккан чыйкандай жайылып баратат. Эгер мусулмандар ыйык динибиздин рухун, атын өзүбүз коргобосок, адашкандарга чындыкты айтпасак, динибизге, бүтүн мусулмандарга көлөкө келтирген чала молдолорго, бузукуларга, исламдын ыйык атын жамынган баш кесерлерге, террористтерге каршы чыкпасак, анда ким каршы чыгат? Дин менен кийимди, ички дүйнө менен тышкы көрүнүштү алмаштырбайлы! Дин биринчи кезекте адамдын ичинде, жүрөгүндө болушу керек»-деген кебин ортого салды. Арийне, ак сөз экенин айтпай кетсек болбос. Коомго коркунуч жаратып, ар бир Кыргызстандыктын эшигин такылдатып, даават жана чала сабат кептери менен тынчтыкты бузуп жаткан арапкулдарга бул кеп кандай таасир берет болду экен эми?

 

Булак: “Майдан.kg” гезити, №42 (320), 29.09.2017-жыл.