- Атамбаев Бириккен улуттар уюмунун баш катчысы Антониу Гутеррешке Кыргызстан менен БУУнун ортосунда кызматташтыкты чыңдоого кошкон салымы үчүн “Достук” орденин тапшырды. Бул президенттин аргасыз аракетиби?

 

- 2010-жылга чейин үй-бүлөлүк башаруудагы качкын бакиевдердин коррупциялык башкаруусунда дүйнө элинде кадыр баркыбыз өтө төмөндөп кеткени факт эле. Айрыкча Максимдин коррупциялык иштери биздин өлкөгө көлөкө түшүргөн. Башка элди айтпай эле коёлу, кошуна Россиянын президентти кой, отун суу министри да Бакиевди кабыл албай койгону айныгыс чындык. Президентибиз Алмазбек Шаршеновичтин бийликке келиши менен Кыргыз мамлекетинин кадыр-баркын чечкиндүү, убадага бекем турган аракеттери менен бир кыйла көтөрүп койду десек жанылышпайбыз. Кай мамлекетке барбасын жемиштүү жана тең ата мамиледе болуп келет. Европага болгон жемиштүү турнеси, президентибиздин чакырыгы менен Ангела Меркелдин келишин айтсак болот. Кечээ жакында Бириккен улуттар уюмунун 72-Башкы ассамблеясынына болгон иш сапары да жемиштүү болду. Президентибизге болгон сый-урмат ал жакта да болду. Эгер факт менен айта турган болсок, БУУнун баш катчысы А.Гутерреш ушунча элдин арасынан биздин өлкө башчыбыздын жанына басып келип учурашып жатканын көрүп, биздин мамлекетке болгон сыйы десек болот. Кезегинде биздин мамлекеттин атынан Алмазбек Шаршенович Кыргызстан менен БУУнун ортосунда кызматташтыкты чыңдоого кошкон салымы үчүн “Достук” орденин тапшырды. Албетте, бул кадам да биздин мамлекеттин кадырын өстүрүүгө жасалган кадам  болду деп баса белгилеп айтсак болот.

 

 

Булак: “Майдан. kg” гезити