Экс-президент Роза Отунбаева Аида Саляновага карата жасалып жаткан акыйкатсыздыкка чыдап тура албастан ачык оюн айтты.

 

Ал өз сөзүндө: “Текебаевдин, Салянованын соттору көрсөтүп жатат, сот дегендин ашмалтайы такыр чыгыптыр, сот дегенибиз ушунчалык адилетсиз, закон дегенди кенебеген,  сот саясый өч алуу үчүн буйрутманы аткарып жаткан процесс гана болуп жатат. Салянованын сотун карагылачы, эч кандай мотив жок, кылмыштын бир мотиви болуш керек да, ушуну ушундай кылсам мен мындай пайда табам дегендей мотив менен кылмыш жасалат, бул иште мотивин айтышпай эле айыптап жатышат. Мурунку генпрокурорду 8 жылга камайбыз деп жатышат. Мен уялып жатам, биз кыздарды чыгаралы деп жатабыз, чоң болсун, чоң кызматтарда иштесин деп, бул болсо мурунку прокурорубуз Аида Саляновага азыркы прокурорубуз Жолдубаевадан өч алуу да, бул да өч керек болсо. Салянова абдан сабаттуу, билимдүү, биз баарыбыз эле укканбыз, Атамбаев айткан “Салянова президент боло турган мүнөзү бар, ошондой натурасы бар” деп айткан болучу. Кыргызстандын баары эле уккан. Азыркы прокурор Жолдубаева мурунку прокурор Салянованын үстүнөн мына ушундай президенттин буйругун ушинтип бир зөөкүрчүлүк менен аткарып атат. Муну кантип түшүнсө болот? Муну эл, коомчулук, баарыбыз эле көрүп турабыз”,- деди. Кашкайган чындык эмей эмине? Айтмакчы, айымдардын айыгышкан тирешине балким Роза Отунбаева арачы болуп, ак сөзүн айтып, бир пикирге келиштирээр…

 

Булак: “Майдан.kg” гезити