Ишенбай Кадырбеков деген инсан бар эмеспи. Башы толо эле акыл, мээси жүз пайыз иштейт деп мактап калышчу. Ушу киши шайлоо өнөктүгүндөгү дагы бир маанилүү жагдайды ачып берди.

 

Анын айтымында, талапкерлер эң кур дегенде өзүнүн конституциялык укугун билип туруп өз программаларын жазса жакшы болмок.  “Үгүт материалы негизги табийгаты программанын нускасын көрсөтөт да. Азыркы үгүт материалдарын карап көрчү, эмнени убада кылып жатат? “Бирге жеңебиз” дейт. Кимди жеңебиз? Сирияга барабызбы? Айтор, кызык подсознаниянын гана негизинде утабыз деген ой болуп жатат. Президент болоюн деген адам эң кур дегенде элин алдабашы керек. Эң кур дегенде программаңда “мен жыргатам” деп айтпашы керек”,- дейт. Андан ары Кадырбеков: “Маселен, 17-жылы большевиктердин программасы лозунгда эле болгон. “Жер дыйкандарга, бийлик элге, анан элге тынччылык” деп. Ушул үч маселени элдер эңсеп турган болчу. Программасы ушул үч гана сүйлөмгө батып калган”,- деген жүйөөлүү кебин ортого салды. Ырасында туура кеп. Бирок, баары бир сөзү ишине шайкеш келбеген биздин өлкөдө баары бардак экенин башы катуу иштеген киши түшүнбөгөнү кызык.

 

Булак: “Майдан.kg” гезити