КР президенттигине талапкер Өмүрбек Бабановдун Алматыга сапары, ал жактан казак президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушканы учурда кыргыз коомчулугу жана эл аралык коомчулук тарабынан катуу сынга кабылууда. Баарынан кызыгы мына ушундай кадамга өтө олуттуу тажрыйбасы бар казак лидеринин да барып атканы көпчүлүктү таң калтырды. Ошол эле маалда айрым казакстандык олигархтар алдыдагы аламан жарышта Ѳмүрбек Бабановду колдоо үчүн (албетте, бекер эмес, президент кылып алып каалагандай саясат жүргүзүп, кен байлыктарыбызга ээлик кылышат эмеспи) Кыргызстанга «жоортуул» жасаганы тууралуу маалыматтар жарыяланды.
Ишенимдүү булагыбыздын кабарлашынча, сентябрдын баш чендеринде Ысык-Көл жээгинде Өмүрбек Бабанов казак олигархтары менен жолугушкан. 5-сентябрда таң эрте ал Ысык-Көл районунун Бает айылындагы казак олигархы Алиджан Ибрагимовго тиешелүү болгон менчик эс алуу борборуна (мурдагы «Аист» пансионаты) келген. Ал эс алуу жайында А. Ибрагимов өзү жана анын «Евразийская Корпорация Природных Ресурсов» мекемесинин теңтөрагалары, казакстандык миллиардерлер, Канаданын жараны, 1954-жылы Кыргызстанда туулган Александр Машкевич, Казакстандын премьер-министринин атайын кеңешчиси, 1953-жылы Өзбекстандын Жизак облусунда туулган Патох Шодиев жана россиялык миллиардер, «Группа Альянс» мекемесинин ээси Муса Бажаев 4-сентябрда эле келип эс алып жатышкан.
Бабанов бул ысымдары аталган олигархтар менен мурдатан эле жакын тааныш болуп, ишкерлик чөйрөдө кызматташып келген. Андан сырткары бири-биринин жакшылыктарына да катташып турушат. Маселен, өткөн 2016-жылы 11-майда Ф. Шодиев, А. Машкевичтер менен чогуу Ө. Бабанов да М. Бажаевдин 50 жылдык мааракесинде чогуу болушкан. Муну тастыктаган фотосүрөт да бар.
Анан мына ушул ишкерлик чөйрөдө алака түзүп келген олигархтарды президенттик шайлоо алдында Ө. Бабанов атайын Ысык-Көл жээгине чакырып, алардын ар тараптуу колдоосун алууну максат кылган. Натыйжада анын чакыруусу менен 3-сентябрда Казакстандын Астана шаарынан Кыргызстандын Ысык-Көл облусундагы «Тамчы» аэропортуна төмөндөгү коноктор учуп келишкен (олигархтарынын Ысык-Кѳлгѳ качан конгону, кайра качан кайтып кетишкенин тастыктаган документ биздин редакцияга келип түштү (сүрѳттү караӊыз): «Евразийская Корпорация Природных ресурсов» мекемесинин теңтөрагасы П. Шадиев, Е. Атрошенков, Москва шаарындагы «ФПГ-Капитал» мекемесинин башкы директору А. Гульямов, А. Корнеев, Б. Новоленов, В. Руднев, А. Тсиерт. Ал эми ошол эле 3-сентябрда Россиянын Москва шаарынын «Внуково» аэропортунан «Тамчы» аэропортуна төмөндөгү коноктор учуп келишкен: М. Бажаев, Д. Яковлев, А. Калашников, «Нафта-Москва» мекемесинин жетекчиси С. Керимов, Санк-Петербург шаарындагы «Техинтком» мекемесинин башкы директору Е. Кириллов, С. Скворцов, россиялык миллиардер, «Вимм-Билль-Дан» компаниясынын директорлор кеңешинин мүчөсү Г. Юшваев.
Булардан сырткары 4-сентябрда Россиянын Москва шаарынын «Внуково» аэропортунан «Глобал-5000» үлгүсүндөгү менчик самолет менен каттоосу жок 7 адам учуп келген. Ал каттоосуз учуп келген конокторду уюштуруучулар кымбат баалуу автоунаалар менен "Тамчы" аэропортунан А. Ибрагимовдун менчик эс алуу борборуна ташышкан.
Ошондой эле казакстандык кара түстөгү «Тойота Лендкруизер 200» үлгүсүндөгү автоунаа менен да такталбаган коноктор келишкенин айта кетели. Ал келген конокторду күзөт кызматкерлери эки шакекчеге оролуп туруу менен камсыз кылышканын көргөндөр айтат. Тышкы шакекчеде эс алуу борборунун күзөт кызматкерлери болсо, сырткы шакекчеде А. Ибрагимовдун үч микроавтобус менен келишкен меничк күзөт кызматкерлери камсыз кылышкан.
Олигархтардын бул жолугушуусун Өмүрбек укмуштай жогорку деңгээлде уюштурууга аракет жасаган. Келген конокторго арналып Ысык-Көл районунун Сары-Ой айылынын түндүк тарабындагы коктуга боз үй тигилип, жылкы союлган.
Казакстандык жана россиялык олигархтардын көңүлү ачуу максатында ырчы-чоорчуларды да ташышканын кошумчалай кетели. 6-сентябрда түнкү саат 01:00до өтө чоң фейерверк аттырышканы эле алардын кандай шаан-шөкөт өткөрүшкөнүн далилдеп турат.
Айтор, мына ушундай чоң шаан-шөкөт менен президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов казакстандык жана россиялык олигархтардын көңүлүн алып, аларга тоодой убадаларды берүү менен финансылык жана башка ар тараптуу колдоо ала турган болуптур. Бул келген коноктордун баары бизнесмендер экенин эске алганда, алар эч качан бир тыйын да жөн эле бирөөгө кармата салбасы бышык. Демек, алар Бабановго миллиондогон суммада көмөк көрсөтүүнү чечишсе, анда ага жооп катары Кыргызстандын кен байлыктарын алууну макулдашкан болуулары толук мүмкүн.
Келген коноктордун саны канча болгонун макаладан билдиңиздер. Эми элестете бериңиз, кокусунан Бабанов президент болуп кала турган болсо, анда аппетити аябай чоң чет өлкөлүк ондогон олигархтар өлкөбүздүн байлыктарын өз алдыларынча эле бөлүп-бөлүп алышат го. Анан кантип Бабанов Кыргызстанды тездик менен өнүгүп бараткан 10 өлкөнүн катарына киргизем деп убада берип атат? Тескерисинче болуп калбайбы? Мындай күмѳндүү таржымалы бар олигархтын мамлекет башына келгенден Кудай сактасын дейли…