Биздин президент өтө оригиналдуу инсан. Бул киши сүйлөгөндө эки кубулуш пайда болот адамда. Же жаны жыргап, магдырап анын жомогун угуу же мээси чыӊалып, жини шакардай кайнап, кыжырдануу сезимдери чулгап алат.

 

Бирок, президент Алмазбек Атамбаев 20-сентябрда Бириккен Улуттар Уюмунун Генералдык ассамблеясынын 72-сессиясында сүйлөп жатып, кыргызстандыктарга: “Бир аз күндөн кийин кыргыздар өз ажосун шайлайт. Кайрадан башка элдин башчыларына, башка элдин байларына алданып кетпейли! Кайрадан кыргыз ажосунун башына башкалар кашык менен марш ойнобосун! Кайрадан элдин байлыгы  бекер сатылып, жерибиз белек катары берилип, карапайым калк кор болбосун!” -деп кайрылды. Канткен менен ажо бул сапар элди башта айтылган эки кубулушка тушуктурган жок. Ушу жерден калыс сүйлөгөнүн айтып коюу керек. Анын мындай кайрылуусуна жакынкы күндөрү президенттикке талапкерлердин бири менен казак президенти Назарбаевдин жолугушуусу себеп болгону анык. Ал ортодо  Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги казак президенти Назарбаевдин президенттикке талапкерлердин бири менен жолугуп, мамлекет башчы тарабынан колдоо көрсөтүлө турганын айтышына таң калып жатканын белгилеген нота жөнөттү. Нотанын текстинде  “Коңшу өлкөнүн башчысы Кыргызстандын ички саясатына кийлигишпей турганын айтканы менен, анын сөздөрү мамелкеттин болочоктогу президентине артыкчылык берип жатканын аныктап турат. Ошондуктан кыргыз тарап айтылган сөздөрдү жана жолугушуунун казак тараптан кеңири чагылдырылышын Кыргызстандагы шайлоого таасир берүү жана өлкөнүн ички ишине кийлигишүү катары сыпаттайт”,- деп жазылган.

 

 

Булак: “Майдан.kg” гезити