Оппозициялык күчтөрдүн биримдигин түзүү жана бирдиктүү талапкерге токтолуу демилгеси шайлоо өнөктүгү башталгандан тарта эле айтылып келе жаткан. Бирок кайсы саясий топтордун ортосунда биригүү боло турганы так аныктала элек болчу.

 

“Өнүгүү-Прогресс", “Ата Журт” жана “Бүтүн Кыргызстан” саясий партияларынын башын кошкон жаңы партия түзүү аракети токтогонун аталган альянстын демилгечилеринин бири Бакыт Төрөбаев 11-сентябрда билдирди.

 

Саясат таануучулар оппозициялык топтор биригүү үчүн сүйлөшүүлөрдө жогорку кызмат орундарын гана соодалашып, бирок биригүүнүн негизги идеясы менен программасын иштеп чыгууну унутта калтырып жатышканын белгилешүүдө. Саясат талдоочу Орозбек Молдалиев бул жагдай тууралуу мындай дейт: “Бабанов - президент, Төрөбаев - премьер-министр" деп жарыялап жиберишти. Анда буга кошула турган башка оппозициялык саясатчылар эмне болот деген маселе келип чыкты. Анан эми алар ар кимиси ар башка жол менен барганда шайлоодон утуп чыгуу мүмкүнчүлүктөрү аябай эле төмөн. Булар тандемге барганын жарыялап, премьерлик орунга чейин бөлүштүргөнүн айткан жагдайда бул альянска кошулуу ниети бар башка күчтөр "эми мунун ары жагы кандай болот" деп кетенчиктеп туруп калышты да. Анан эми булар "биз биригип жатабыз, 2-3 жылдан кийин жыргатабыз" деп курулай убада беришкени менен, эл азыр андай жомокторго эбак ишенбей калган. Булар бириккенде өлкөнү башкаруунун жана өнүктүрүүнүн конкреттүү долбоорлору боюнча эмнени сунуш кыларын аныктап алышы керек болчу”.

Президенттик жарышта оппозициялык күчтөр акырында кайсы бирдиктүү талапкерге токтолуп, кандай идеянын астына биригет жана альтернативалуу кандай программа иштелип чыгары азырынча белгисиз.

 

Буга чейин талапкерлер Мадумаров, Төрөбаев, Келдибеков жана Ташиев союзу түзүлүп, бирок ал бир чечимге келе албай жатып, кайра бузулган болчу.

 

 

Кубанычбек Жолдошев

Булак: “Азаттык”