Чубактын кунундай чубалган ЧЧехиялык “Лигласс” «кыз» чыкпай калды. Муну Зилалиев өзү текшерип, Исаков ага ишениптир…

 

Дегенибиз, Кыргыз өкмөтү Жогорку Нарын каскадын жана он чаккан ГЭСти курмакчы болгон чехиялык “Liglass Trading” компаниясы менен түзүлгөн келишимден бир тараптуу баш тартты. Бул тууралуу премьер-министр Сапар Исаков өкмөттүн чукул кеңешмесинде билдирди. Буга “Лигласстын” келишимдин шарттарын өз убагында аткарбаганы себеп болгон. Ооба, туура эле баш тартыптыр. Бирок, буга чейин коомчулукта аталган компания “аферист” деген пикирлер жайнап чыкса да эмнегедир Сапар Исаков жанын сабап аны коргогон эмес беле. Ага кошулуп Дүйшөн Зилалиев өпкө-жүрөгүн чаап чыккан. Эми экөө алакан жайса эле “мейли” деп олтуруп калышыбыз керекпи? Аныгында, өлкөнүн кадыр-баркын тобокелге салгандыгы үчүн экөөнү теӊ ээлеген кызматтарынан бошотуп, кылмыш жоопкерчилигине тартыш керек. Анткени, алар билип туруп ушул кадамга барышса “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган” болушат. Билбей туруп ушул кадамга барышса "шалаакылык" кылышкан болот. Ал эми, жеӊ ичинен пайда көрүшкөн болсо "шылуунчулук" болот. Баарынан коркунучтуусу мамлекеттин аброюн тобокелчиликке салса "чыккынчылык" болот. Эми мындан башка аныктама керекпи өзү?

 

 

Булак: “Майдан. kg” гезити