БШКнын мурдагы төрагасы Акылбек Сариев: “Шайлоодон кийин чыр чыгарышы мүмкүн болгон жагдай - кошумча шайлоо тилкелери. Тилекке каршы, Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясы кошумча шайлоо тилкелери жөнүндө чечим кабыл алып, аны БШК бекиткен. Мыйзам боюнча, кошумча шайлоо комиссиясы деген нерсе жок. 2015-жылы да бул маселе көтөрүлгөн, бирок 2 жылдын ичинде мыйзам оңдолгон жок. Кошумча шайлоо тилкелеринин чек арасы да аныкталган эмес. Бул БШКнын өзүм билемдиги, мыйзам бузгандык”,- деди.
Мындай пикирин Акылбек мырза 19-сентябрда "Акыйкат шайлоо үчүн" кыймылынын биринчи отуруму өтүп жатканда айтты. Аталган отурумда негизги талкууланган тема - алдыдагы президенттик шайлоо болду. Эскерте кетсек, аталган кыймыл 12-сентябрда түзүлгөн. Демилгечилер кыймылдын максатын "президенттик шайлоону мыйзамдуу өткөрүүнү камсыздоо"- деп аташкан. Кыймылга экс-президент Роза Отунбаева, мурдагы депутат Равшан Жээнбеков, депутат Жанар Акаев жана башкалар мүчө.
Булак: “Майдан.kg” гезити, №39 (317), 20-сентябрь 2017-жыл.