Президент Алмазбек Атамбаевдин Россия Федерациясына жасаган сапарын, Сочи шаарында Россия президенти Владимир Путин менен болгон жолугушуусун айрым россиялык ММКлар тескери бурмалап жазышууда. Маселен, алар “А. Атамбаев Россияга президенттик шайлоо алдында В. Путинден өзүнүн мураскерин колдоону суранып келген экен, бирок Путин бул суранычты суз кабыл алып коюптур” маанайдагы маалыматтарды жайылтуу менен алек болушууда.


А чындыгында мамлекет башчысынын бул сапары эки өлкөнүн ортосундагы кызматташуулардын актуалдуу маселелерин талкуулоо максатында болгону белгилүү. Бул багытта маселелер эки өлкө башчыларынын жолугушуусунда талкууланган. Анан эки өлкө башчысынын ортосунда эч кандай козголбогон маселени ойлоп табышып, анан аны бирөөсүнүн өтүнүчү, экинчисинин жообу кылып “өрдөк” учура салуу негедир кыргыздын айрым эркин басылмаларынын “стилине” окшошуп кетип аткан.


Көрсө, биз адашпаптырбыз. “Сыдырым жел” чындыгында эле Кыргызстан тараптан согуп аткан экен. Тактап айтканда, президент Алмазбек Атамбаев Россияга сапар менен аттана турганы белгилүү болгондо эле, “Республика” партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов өзүнүн эки ишенимдүү адамын алдын ала ал жакка жөнөтүп жибериптир. Анан алар россиялык айрым ММК булактарына байланышка чыгып, “кара пиар” жасап бергиле, биз сураганыңарды төлөп беребиз” деп макулдашып коюптур.


Ошентип россиялык айрым ММКлардын кандайча “көзү ачык” болуп кеткенин сыры ачылды. “Шайлоону таза өткөрөлү, бири-бирибизди жамандабайлы” деп аткан Өмүке өзү минтип көшөгө артында башкы атаандашын тымызын соктуруп атат. Анан ага кантип ишенүүгө болот? Бул “балакай” минтип отурса президенттик кызмат үчүн Кыргызстанды, элибизди дүйнѳ коомчулугуна жамандатып жаздыруудан да кайра тартпайт го, ыя?