Америка президенти Дональд Трамп Ооганстан тууралуу, анын ичинде бир бөлүгү Пакистанды террорчуларга башпаанек берип жатат деп коркутуп, Америка булардын баарын чыдап карап тура албайт деп билдирген жаңы стратегиясын жарыялангандан бери эки жума өттү.
Ошондон бери Ооганстан менен Пакистан ага карата ар кандай жоопторду беришти. Пакистан нааразычылык билдирүү менен, ал эми Ооганстан, өзгөчө бийлик адамдары бул стратегияда шек саноолору бар экенин билдиришти.
Бул стратегиянын жарыяланышы олуттуу суроолордун пайда болушуна алып келди. Мындай жаңы жагдайда Пакистандын Ооганстанга карата кандай саясаты жана мамилеси болушу мүмкүн? Пакистан менен Ооганстандын мамилесинин өзгөрүшүнө жана ооган өкмөтүнүн ар кандай топтордун колдоосунан баш тартышына канчалык үмүттөнсө болот? Ошондой эле бул жаңы стартегиядан кийин Ооганстандагы кырдаал эмне болот?
Бул суроолорго жооп берүү үчүн биз киришүүдөн башташыбыз керек:
Эгер бир көйгөйдү чечүүдө андан толук түшүнүгүбүз жок босо жана анын бардык жагдайларын көрө албастан туруп аны чечүү үчүн жолдорду сунуштасак, анда биз көйгөйдү чечкен жокпуз. Тескерисинче анын көлөмүн көбөйткөн болобуз.
Американын жаңы стартегиясында коопсуздук көз караштар басымдуулук кылат. Ошондой эле аскердик аралашуулар да бар экени анын планында көрүнүп турат. Ооганстандагы азыркы көйгөй саясий, коопсуздук, коомдук жана маданий маселелер брюнча алганда ички, аймактык жана ал эле эмес, эл аралык көйгөй болуп эсептелет.
Ооганстанда маданият калыптанмайынча, тууган-уруктардын арасында бири-бирин урматтоо, ар кандай диндерге урмат-сый менен мамиле кылуу, мусулмандар арасында чыр-чатактарды чечүү, саясий атаандаштыктарды сабырдуулук менен көтөрүү калыбына келтирилип, өлкөдөгү өздөрүн ооган келечегин билебиз деп эсептешкен таасирдүү күчтөрдү, алардын ролун эске албоо менен мамиле кылынмайынча көйгөй чечилбейт.
Ошондой эле Ооганстанда аймактык жана эл аралык ойлорду эске албастан, бир гана Американын кризисти чечүү жолу менен көйгөй чечилбейт. Өлкөдө мамлекет курулуп, ар тараптуу жана алгылыктуу өкмөт түзүлмөйүн маселе чечилбейт.
Коомдук көз караш дагы деле жетиштүү эмес, башка кошумчаланчу нерселерге муктаж жана албетте, чын ниеттен ооган маселесин чечүү жолуна жетүүнү көздөөдө. Бул жагынан алганда Ооганстан элине жана өлкөдө кризистин чечилишине кош көңүл мамиле жасаган Америка менен салыштырып болбойт. Бул олуттуу жаман көрүнүш. Ал эми Пакистанды Ооганстан кризисинде таасирдүү өлкө катары кароо да туура эмес көрүнүш.
Биз ушундай жагдайда Америка жаңы стратегиясын жарыялаганына күбө болуп отурабыз. Талибандар азыркы ээлеген жерлери жок, күчкө ээ болбой турган заман өттү. Америка менен НАТО 130 миңден ашуун аскери менен талибандарды жок кылуу аракетинде болушкан. Ал эми бүгүнкү күндө өздөрү талибандардын ички саясий жараянга аралашуусуна жана келечектеги аскердик саясий системага катышуусуна өбөлгө түзүп беришти.
Албетте, Америка колдоо программаларынын негизинде тынч жол аркылуу жеңишке жетүү үмүтүндө өзүнүн аскердик күчтөрүн өстүрүп, аны менен бирге ооган аскер күчтөрүн да көбөйтүү менен талибандарды бир точкага жеткирүүнү көздөөдө. Бул жакшы арзуу, бирок, өткөн тажрыйбалар муну жактабайт.
Ошондой эле Америка Пакистан алардын коркутуусунан улам талибдерден кол үзөт жана талибандардын алсыз болушуна шарт түзүлүп, кризисти чечүү саясий жараянына келүүгө мажбур болушат деп үмүттөнүшүүдө. Бирок, Пакистан дагы талибандардын негизги колдоочусу катары маселеге Америка сыяктуу көз караш менен карайт.
Пакистандын Ооганстан боюнча пикирлери ар түрдүү:
- Пакистандыктар мындай деп айтышат: Америка Ооганстанга кол салды жана өлкөдө террорчулуктун уясынын пайда болушуна себеп болду.
- Алар бул террорчулардын бир бөлүгү Пакистандан да чыгып жатканын тастыкташууда.
- Пакистандыктар өткөн 2016-жылы террорчулар менен күрөшүүдө бир топ адамдары набыт болгонун жана Ооганстандан кирген террорчулардын колунан айрым шаарларынын элдери кырылганын баса белгилеп келишет.
- “Талибан жана Хаккани түйүнү Ооганстанда өз иштерин алып барышууда. Ал эми Америка менен Ооганстан өкмөтү алар менен күрөшүүгө алы келбейт. Чек араларды башкарууда да ийгиликке жетише алышкан жок. Ал эми Пакистан чек араларында он миңдеген аскерлерин жайгаштыргандан бери Ооганстан тараптан кол салуулар азайды”, - деп айтышат пакистандыктар.
Пакистандын тышкы иштер министри Наваз Шарифтин кеңешчиси болгон Сартаж Азиз “Биз мурун талибдерди колдоп келгенбиз жана азыр да аларга каршы эмеспиз. Талибан согушкерлери жана Хаккани түйүнүнүн башчылары менен албетте, ооган өкмөтү сүйлөшүшү керек”, -деп айткан. Ошондой эле ал талибандар Ооганстанда абдан активдүү экенин, ошондуктан аларды сүйлөшүүгө мажбурлай албай тургандыгын, бул маселе Пакистанга тиешеси жок экенин жана көйгөйдү Америка менен Исламабад өздөрү чечиш керектигин айткан эле.
- Пакистандыктар “Америка менен Исламабад Ооганстанда Индиянын чалгындоо агенттиктери үчүн террордук иш-аракеттерди жүзөгө ашыра турган жерлерди даярдап беришти. Алардын бири Ооганстандагы Пакистан талибдеринин лидери Мулла Фазлулланын, дагы бир мисал кылып айтсак Балучи талибандарынын иш-аракеттери”, -деп билдиришкен.
- Ошондой эле алар көптөгөн каржылык чыгымдар менен чечкиндүү согуш алып барып, бардык уруулар жайгашкан аймактардагы террорчулардын уяларын жок кылышканын, бул айткандарын тастыктоо үчүн Американын бир нече расмий өкүлдөрүн ошол аймактарды көрүүгө алып көрсөтүшөрүн айтышууда.
Пакистан серепчиси Амжад Шайиб мындай дейт: Пакистан мурун талибандардын элчиси Абдул Салам Заифти өткөрүп берүү аркылуу Америка менен кызматташып келген. Бирок, азыркы учурда биз Вазиристан жана башка аймактарды тазаладык жана биздин өлкөдө террорчулар жок. Террорчуларды жок кылуу үчүн колубуздан келгендин баарын жасадык. Эгер азыркы учурда алардын бир канчасы жашыруун түрдө иш-алып барып жатышкан болсо, анда андан кабарыбыз жок. Ошондуктан бул маселеге басым жасай албайбыз.
Караңыздар, Пакистан мамлекеттик саясий деңгээлде күчтүү. Бирок Пакистандын жашыруун сыры бар. Бул сыр Пакистан талибандардын негизги колдоочусу катары аларды коргоо максатында Ооганстан менен кесилишкен узун чек арасында жайгаштырып келишинде. Ал эле эмес аларды башкаруу башка өлкөлөргө абдан кыйынга туруп келген пакистандык экстремисттик күчтөрдү жакшы сөз мененби же мажбурлоо мененби, айтор аларды да талибандар менен макулдашып Кабул өкмөтүнө каршы күрөшүүлөрү жана талибдерди материалдык жана техникалык жактан камсыздап туруулары, аймактарда аларга коопсуз баш паанек түзүп берүүлөрү үчүн чек ара аймактарына жөнөтүп турушат. Бул иш-аракеттерден мисал келтирсек, талибандардын Читрал сыяктуу географиялык өзгөчөлүккө ээ, башкалардын колу жетпей турган тоолу аймактарда бизнес бүтүмдөрдү жана курал-жарак өткөрүп берүүлөрдү ишке ашырышы.
Пакистан кырк жылдан ашуун убакыттан берки экстремисттердин, ар кандай партиялардын үстүнөн тийгизип келген таасирлеринен пайда алып келет. Алардын таасири исламчылардын аркасында Дауд ханга каршы күрөшүп, алардын бир канчасын Пакистанга жөнөткөн учурдан башталган. Ал эми жихад учурунда СССР менен бирге өзүнүн максатынын туу чокусуна жетти. Кийин талибандардын убагында саясий күчкө жетишти. Ал эми азыркы учурда Ооганстандын саясий чөйрөсүндө таасирин жайылтууда.
Пакистан оогандардын ортосунда чыр-чатактарды пайда кылуу жана бийликке жетүү үчүн Ооганстанда саясий жана аскердик жетишкендиктерин абдан жакшы пайдаланууда.
Пакистан Америка Ооганстанда аскерлерин камсыз кылуу үчүн алардын жер жана аба мейкиндиктерине муктаж экендиктерин билет. Ошону менен бирге Пакистан аймагынан башка ылайыктуу жол тапмайынча Америка кысымын белгилүү бир өлчөмдөн ары көбөйтө албастыгын дагы жакшы билет.
Америкалыктар канчалаган аткаминерлери мойнуна алышпаганы менен өздөрү да бул нерсеге ишенишет. Американын мурунку расмий өкүлдөрүнүн оозунан бул тууралуу көп эле сөздөр чыккан. Мисалга ала кетсек, АКШнын Борбордук чалгындоо агенттигинин мурдагы директору Майкл Морелл: “Америка Пакистанга кысым жасай албайт. Бирок, мындай көрүнүштүн уланышы Вашингтондун өзүнө зыян алып келет. Пакистан мурдагыдай Американын жардамына муктаж эмес. Ал өзүнүн муктаждыктарын Кытай аркылуу камсыз кыла алат”, -деп айткан. Ошондой эле Америка Ооганстандагы согушта Пакистандын жер жана аба жолдоруна муктаж экенин баса белгилеп, “Пакистандын жардамысыз Америка Ооганстандагы согушта террорчуларды жеңүүсү мүмкүн эмес”, -деп жарыялаган эле. Ал эле эмес “Д. Трамптын саясаты бир жактуу эмес. Ал киши учурда Пакистандын жардамына муктаж Америка болуп саналарын унутуп койду. Исламабад мурункудай Американын жардамына муктаж эмес”, -деп айтканы да бар.
Ошону менен бирге эле Пакистан куралдуу элементтерди пайдалануу менен Ооганстандагы согуш отун алоолонтуп кое турган кудуретке ээ. Мындай шартта Американын аскерлери кош миздүү кылычтай болушу керек. Бир мизи менен душманды коркутуп, бир мизи менен отту үйлөп туруулары тийиш.
Американын Ооганстанда он алты жылдан бери керек болгон натыйжага жете албай келиши АКШ менен НАТОнун аскерлерине ишенимсиздикти алып келди. Бул нерсе Пакистандын чалгындоо кызматтарына Ооганстанда Америкага каршы күрөшүү үмүтү менен ар кандай күчтөрдү кармап туруусуна өбөлгө түзүп берди.
Мындай шартта тилекке каршы Американын жаңы стратегиясынын алкагында Ооганстандын келечегинде айкын көрүнүштү элестетүү кыйын. Ооганстанда көптөн бери чечилбей келген кризисти чечүү жолдору жогоруда айтылып өттү. Бул кризисти чечүүдө катышып жаткан тараптардын ниеттери чын экени көрүнүп турат. Эгер чын ниет чындап бар болгон болсо, Ооганстанда тынчтыкты жана бейпилдикти убада кылгандар бул үчүн чон жоопкерчиликти тартышат.
Аббас Файяз,
Чыгыш Иран эксперти