Кээде жакшыны жакшы деп айта жүрсөк өзүбүзгө эле жакшы болот деп ыраматылык Орозбек Кутманалиевдин айткан сөзү бар. Анын сыӊары ким бирөө жакшы иш жасаса аны мактоого алууга неге болбосун.

 

Жогорку Сот “Аккула” ат майданын мамлекеттин менчигине өткөргөн акыркы чечимди кабыл алды. Эми бул иштин негизги автору депутат Канат Исаев экенин айтып коюу керек. Антпесе, бүткөн иштин ээси көп болуп кетчү эле... Ошол көкжалдык кылып, катуу туруп, канча жыл мурун мыйзамсыз, арзыбаган пулга сатылып кеткен атмайданга күйүгүп, ливандыктардын "аркы-берки бармак басты-көз кысты кылып койолу" дегенине карабай, аягына чыгып койду. Саясаттын күүсүнө салып аны бир беткей эле урдура бербей, мыкты экенине бали дейли. Ар бир депутат же Кыргыздын бычакка сап мырзасы ушундай иштерди жасап турса келечегибиздин бүлбүл шамы көрүнбөй койбойт.

 

Булак: “Майдан.kg” газетасы, №36 (314), 13.09.2017-ж.