Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун шаардык соттук отурумунда Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү, президентикке талапкер Азимбек Бекназаров: “Кыргыз соттордун, кыргыз прокурорлордун колу менен кыргыздын мыктыларын талкаламай саясаты жүрүүүдө. Жыйырма алты жылдан бери бул өнөкөткө айланып калды. Мындай нерсеге силер, урматтуу сот, прокурорлор, биз, саясатчылар чекит койбосок коомубуз жалаң ушак менен жашаган аңкоо элге айланып бара жатабыз”,- деди.

 

Аны менен катар Бекназаров кайсы убакта, качан болбосун мурунку соттук отурумда эмнени айтса ошону кайра айтаарын, себеби ал чындык экенин, ал эми Ташиев экөө дегеле 3 жылдан бери жекеме-жеке отуруп сүйлөшө электигин кошумчалады.

 

Бекназаров Текебаевдин райондук соттук отурумунда да көргөзмө берген, бирок, кийин ал тууралуу “калп айткам” дегени интернетке жарыяланып, ага карата да кылмыш иши козголгондугу боюнча да маалымат тараган. 

 

Булак: “Майдан.kg” газетасы, №36 (314), 13.09.2017-ж.