Бийлик кумары адамдын эркин ээлеп, азгырыгы акылдан аздырат деген анык. Кезинде элдин сүймөнчүгүнө айланып темир генерал атыккан, бирок кийинки кадамдарынан улам жыгач генералга айланган Феликс Кулов көмүскө өкмөт түзүп, кайрадан бийликтин бийик эшелонуна аралашууга далалат кылып көрдү.

 

Картинки по запросу Феликс Кулов

 

Албетте, аралашабы, коёбу ар кимдин өз иши деӊизчи. Бирок, колунда баардык мүмкүнчүлүк туруп Кыргызга кыпындай жакшылык кылбаган Кулов  кайра бийликке келгенде деле эмнени кыйратат? Кызыгы, «азыркы президенттик жарышка чыгып аткандардын бири да татыктуу эмес»-деген сөзүн айтыптыр. Анда ким татыктуу, Феликс мырза? Бийлик деп жутунуп, же ар кимдин артын чукумай оюнду жүргүзгөнчө Феликс мырза саясый карьераӊызды жыйынтыктап, Бакай жашына барып калганда баарына сабырдуулук менен ой жүгүртүп, кеп-кеӊешиӊизди бөлүшүп турсаӊыз жарашпайт беле аттиӊ. Баш-аягы жок ар нерсени божомол-дөдөмөл кылбай. Анын өөдүр-сөөдүр сөзүнө азыркы чыйрак жаш муун таӊсык эмес экендигин али аӊдай элекпи? Коомчулук Куловдун куру дымагына «Крит кеткенден кийин жөн эле жатпайбы, жаш катынын эркелетип»-деген баасын берип аткан соӊ өз баркын билсе болмок…

 

Булак: “Майдан.kg” газетасы, №36 (314), 13.09.2017-ж.