Каржы министрлиги деген бар эмеспи. Анын башында Адылбек Касымалиев деген эргул олтурат. Эргул дейин десеӊ байкуш, эй.

 

Картинки по запросу Адылбек Касымалиев

 

Кайсы бир ММК жазды эле, “Каржы министрибиз Касымалиев караманча эле итке минген кедей экен. Байкуш болсоӊ так ушул Касымалиевче бол. 2016-жылга толтурган декларациясында үйү дагы, машинасы дагы жок экен. Тапканын курсагына эле салып коюп олтура берет тура, бечара. Өмүр бою бир үй тургай бир машинеге жетпептир. Деги кандай элбиз, билбейм. Бакандай министрибизди, болгондо дагы бир өлкөнүн каржы тармагын мыкчып олтурган министрибизди кууратып, итке минген бир байкуш кылып салыптырбыз. Мындай “патриот” министрге кыргыз эли 100 сомдон чогултуп бир үй сатып берип койбойлубу? Көп түкүрсө көл болот деген кеп бар эмеспи”,- деген өӊдүү. Мына ушул “байкуш” министрибиз өзү эле эмес эми Кыргызстанды да байкуш кылат өӊдөнөт. Анткени, бул министр “дагы карыз алабыз”- деп атыптыр. Кеп маӊызы мындай, депутат Акылбек Жапаров Каржы министрлигин кыска мөөнөттүү насыя алып жатканы үчүн сынга алып, “Акыркы мезгилде насыялар 15 жылга чейинки мөөнөт менен алына баштады. Аны төлөй турган убак тез эле келип калат. Өз маалында төлөй албайсыӊар. Насыяны 20 жылдан аз мөөнөткө албаш керек. Ошондой эле насыянын пайыздык үстөгүнө көңүл буруу зары”--деди. Деги бул чиновниктер өздөрү кызматтан кетээр учурга чейин эле жашоо бар деп ойлошот окшойт.

 

Булак: “Майдан.kg” газетасы, №36 (314), 13.09.2017-ж.