Келдибековдун маалымат жыйынында айтканына караганда, төртилтик деп аталган Келдибеков, Ташиев, Мадумаров, Төрөбаевдердин ортосунда эч кандай талаш-тартыш жаралган эмес. Бирок, азырынча арасынан кимди шайлоого алып чыгаары чечилген жок.
Айтымында, талкуулар жүрүп атат. Чечим кимге багытталаары менен дароо коомчулукка жарыялашат.
Акыркы убакта коомчулукта Келдибековдун бийликтин талапкери Сооронбай Жээнбековду колдоого алаары тууралуу имиш кептер айтыла баштаган. Ага саясатчы мындай жооп берди:
«Ал башка партиядан. Түштүктөн болсо, эмне болуптур? Биз кыргызстандыктарбыз. Кимдин кайдан экени мааниге ээ эмес».