«Алмазбек Шаршенович (Атамбаев) бир дагы ГЭС Өзбекстандын катышуусусуз курулбайт деп айтты. Мен ага толук кошулам. Биз ар тараптан: каржы, ресурс жана башка жагынан толук көмөктөшүп, Камбар-Ата ГЭСин чогуу курабыз. Анткени, ал бизге керек», - деп билдирди Шавкат Мирзиёев.
Ошондой эле Өзбекстандын президенти тараптар Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун жана Ош-Анжиян-Кашгар унаа жолунун курулушун тездетүү боюнча макулдашканын кошумчалады.
Аталган ГЭСтин курулушу көп жылдардан бери кыргыз-өзбек мамилелеринде талаштуу маселе болгон. Өзбекстан ГЭСтерди куруу долбоорлору эл аралык экологиялык экспертизадан өткөрүлүшү керектигин билдирип келген.