«Мал аласы сыртында, адам аласы ичинде» деп бекеринен айтылбайт экен да. Эл алдына чыгып алып, «Мен Кыргызстанды 10 алдыңкы өнүккөн өлкөнүн катарына кошом, ар бир кыргызстандык азыркысынан эки эсе бай болот» деген кулакка жагымдуу убадаларды катыра берип келаткан «Республика-Ата Журт» фракциясынын лидери, президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун кече жакында эле Казакстанга барып, казак олигархы Булат Утемуратов менен «чайлашып» отуруп сүйлөшкөнү боюнча аудиожазуу пайда болду.

 

Картинки по запросу Бабанов

 

Аны угуп отурсаң, Өмүрбек Бабанов Булат Утемуратовдун алдында бөйпөңдөп атканы билинет. Бабанов ага «Булат Жаминович» деп кайрылып, «Сизге чайбы же кофеби?» деп атса, Утемуратов ага «Өмүрбек» деп атынан гана атап кайрылып отурат. Анан андан ары Утемуратов Бабановдон Кыргызстандагы кырдаал тууралуу сурайт. Ага Бабанов: «Не сказать что все просто, сарты все пытаются кипишь поднять, но это не проблема. Я их обставлю, они тупят, а информационное поле за мной. Все схвачено Булат Джаминович, Ташиевы-машиевы не проблема, за ними никого нет. Митинг в Оше не показатель, на севере у них ничего не получится, сартам северяне власть не отдадут», - деген жообун берет.

 

Мына ушундан эле Бабанов өзүнүн элин экиге бөлүп карай турганын билебиз. Ал «сарттар» деп өлкөбүздүн түштүк аймагындагы мекендештерибизди, түштүктөн чыккан саясатчыларды айтып атканын оңой эле баамдоого болот. 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо ал дал ошол өзү «Ташиев-машиев» деп аткан саясатчыны катарына кошуу аркылуу өлкөбүздүн түштүк аймагынан добуш алганын унутуп калгандай. Эгерде азыркы тапта да Бабановго ишеним артып аткан түштүктөн чыккан саясатчылар бар болсо, алар бизнесмен-саясатчы үчүн жөн гана убактылуу колдонуп туруучу курал болуп атышканын түшүнүүлөрү керек.

 

Андан ары ал шайлоонун алдында кимдерден каражат алып атканын мындайча билдирет: «А вопрос денег практически решен. Турки помощь окажут, завтра в Катаре ряд встреч, им тоже некоторые проекты интересны». Демек, анын айтканына караганда Бабановго акча каражаттары Түркиядан жана Катар мамлекетинен келет. Ар кандай сырттан келген каражаттар жөн эле келбей турганын билебиз. Андыктан Түркия жана Катардан келген акчаларга Бабанов алданени убада кылган болушу толук мүмкүн.

 

Баса, дал ушул жерден оңтою келип калгандыктан Бабановдун казактарга убада кылган маселеси бар экенин да айта кетели. Утемуратов андан: «Ну раз так, Омурбек, как наши дела двигаются? У нас нервничают, ты обещал до мая закрыть все вопросы», деп сурайт. Бабанов ага дагы убакыт керек экенин, кырдаалды туура түшүнүп туруусун суранат. Андан ары Утемуратов ««Мегаком» боюнча парламентте маселе болбойбу?» деген суроону узатат. Анда Бабанов: «Там оппозиция в меньшинстве, остальные долбоебы и уроды. Так что вопрос решим», - деп атпайбы. Ошондо ал өзүнүн парламенттеги партиялаштарын «долбоебы и уроды» деп атап аткан болобу?

 

Айтор, бул сүйлөшүүнү угуп отуруп Бабанов Утемуратовдун алдында өтө чоң карызга батып калгандай абалды баамдайбыз. Экөө орусча сүйлөшүп атып эле, арасында Бабанов «Рахмет, сөйлестик» деп казакча кошуп сүйлөп кетип атканы да анын ашыкча кошомат кылып атканын айтып турат. Жеке саясый кызыкчылыгы үчүн элибизди экиге бөлүп карап, түштүктүк саясатчыларды «сарттар» атаган, «Мегакомду» казактарга алып бергиси келген мындай саясатчы кокусунан мамлекет башына келип калса, Кыргызстанды дүңүнөн эле баалап туруп, кайсы бир өлкөнүн олигархтарына сатып жиберип качып кетпес бекен?