Бийлик башындагы адам - интелектуалдык дарамети пастыгынан, алсыздыгынан калп айтат. Ошондуктан андан жакшы, жамандын баарын күтүүгө болот.
(автордун аныктамасы)
Бүгүнкү күндө мыйзамсыздык жетээр чегине жетип бүттү. Мына үч күн аралыгында Ө.Текебаев, Д.Чотоновдор 8 жылдан кесилип, “Сентябрь” телеканалы жабылды. Атамбаев өкмөттүн отставкасын тезинен кабыл алды да, ЖКнын кезексиз жайынын чакырып, премьер-министрликке 2010-жылдагы коогалаңда Максим Бакиевди жандап жүргөн, азыр коррупцияга шектүү Сапар Исаковду бекитип алды. Ошондой эле “өзүм билем” азыркы бийлик шайлоодо кримдүйнөнүн кызматын пайдалануу үчүн “кара төбөлдөрдү” биринин артынан экинчисин куткарып, үчүнчүлөрүн Москвадан Ала-Тоого экстрадициялап жандана баштаганы, БШК болсо Конституциялык соттун чечимин, жада калса Шайлоо кодексин аткарбай, жогору жакты тиктеп жалдырап отурганы жакшы жышаан эмес. Бизде демократия, сөз эркиндиги, парламенттик башкаруу дейбиз. Бирок азыркыдай адам укугун тебелеп-тепсеген, оппозициядагы басылмаларды ооздуктап, митингке чыгууну тыюу салган чечимдер - мурунку Акаев, Бакиев тушунда да мынчалыкка жеткен эмес.
Ошондуктан азыр… негизинен түпкүлүктүү кыргыздар үчүн эң коопту жагдай түзүлдү. Себеби, президенттик шайлоону жакындап, айрым басылма, интернет-сайт, соцтармактарда биздеги уруучулук, түндүк- түштүк ырк келишпестикти көргөн башка улуттар, жеке алар эмес… өзүбүздүн жетесиз “киргиздер”: “Жок. Мындан көрө Россияга кошулуп албасак болбой калды”- деген чакырыктарды чыгарып жатат. Мындай абалга… мурда бир казандан аш ичкен достор шайлоого жакын касташа баштаган окуя түрткү болгон шекелдүү. Ооба, өткөн жылдын 31-августунда Атамбаев айрым Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө жаман сөз айтпаганда, (ар бир адамда кемчилик бар) Текебаев деле каолициядан “кирип-чыгып”, же Конституцияны оңдосо “болот-бовойт” деп устукан бөлүшүп жүрө бермек беле… ким билет. Азыр “теке” – бийликтеги кемчонтойлорду талуулата сүзүп, жарга такады. Себеби, бирөөлөрдү “мародёр” атаган кишибиз М.Бакиевден тартып алган жерге хан сарай салып өзүнүн айыбы ачылып калды. Нариман Түлеевге окшогондорду “коррупционер” атаган Алмаз Шаршеновичти ошондуктан “өзү коррупциянын анабашы”- деп айткан адам да көбөйдү. Анын үстүнө, “Кумтөр” алтын кенине байланыштуу Ысык- Көлдө чыккан тополоңдон кийин, Турцияга ташылып кеткен 3 тонна алтын жөнүндө китебине жазган С.Жапаров, андан дагы 2010-жылы Түштүк окуясында ага-ини Жээнбековдордун кылыгын ачыкка чыгарган мурдагы Ош областык УВД начальниги А.Капаровдун камакта жатышы, ошондой эле азыркы Текебаевдин үстүнөн кайдагы бир шылуун орус жараны “7 жыл мурун 1 миллион, (анын 300 миң долларын өлгөн адам аркылуу) бергем” деген көргөсмөсү үчүн козголгон кылмыш иши - бул бийликтин тушунда сот системасын, күч органдарын реформалоо кандай жүргөнүн тескери жагына айгинелеп турат. Ушинтип БШКнын көз карамалыгына жаны кашайган президенттикке талапкер А.Мадумаров: “Бизде шайлоо башталбай жатып, бүткүл дүйнөгө маскара болдук, бийликтин бул кылыгына бойкот жарыялоо керек”- дегендей оюн айтып чыкты.
Ырас. Берегидей калпыс жагдайдан улам, биринчиден адамды адам кылган баш, мамлекетти мамлекет кылган жакшы жетекчи экендигин моюнга алуубуз керек. Ошондуктан бизди: буга чейин мен өткөн маегимде жазган “башкармалык деңгээли жок, башына байкабай бак конгондор”: мисалы Акаев Айтматов макул болбогон соң, Бакиевди- ал манты жегени кеткенде “мурда премьер-министр болгон”- деп, а учурдагы Атамбаев- жогорку экөөнү сындаган үчүн тактыда отуруп, чейрек кылымдан бери эл ишеними акталган жок. Көрсө кыргыздар “эл атасы” милдетти тимеле жеңил баа кылып алган сыяктуубуз. Мисалы азыркы президенттик шайлоого 59 киши БШКга арыз берип, талапкерлигин каттады. Ооба бул - бир орунга өткөндөгүгө караганда азыраак сан. Бирок сиз демократия шарданында Т.Акун: “.. мен көчө президент болом”, А.Мадумаров: “… коррупцияны бир күндө жоём” деп, убада беришин кандай ойлойсуз? Ие айланайын! Өткөндө А.Атамбаев өзү өлкө жетекчиси, официалдуу адам болуп туруп, үй-бүлөлүк иши үчүн Молдовияга досунун менчик самолету менен учкандай - Турсунбек мырза элдин, БОМЖтордун арасына кирип кетсе мамлекеттик сырды ким сактап, анын ички, тышкы саясаты кайда калат? Анан А.Мадумаровдуку да жөн гана «жел» сөз. Өзүңүз деле ойлоп көрүңүз: Кытайда «корупция» үчүн өлүм жазасы киргизилген. Бирок, акча бар жерде аны таптакыр жоюп салуу дегиле мүмкүн эмес сыңар, аларда жыл сайын 20дан ашык киши атылса да… кийинки жарым кылымдын ичинде аны таптакыр токтото албай келишет го. Андыктан ар кайсыны убада кылып, татыксыз, татыктуубуз деле канчалык жогору жакка умтулганыбыз менен, Аль Фаради айткан 12 касиеттен тышкары шайлоонун жыйынтыгын тейлеп коюучу сырттагы “үчүнчү күчтөр” бар экенин да унутпашыбыз керек. Негизи төңкөрүштүн баары акча, же байлар аркылуу жасалып, бийлик атам замандан бериле талаштуу нерсе. Мисалы улуу Октябрь революциясы (1917) Ленин тарабынан немис банкир-көпөс А.Барбустун акчасына жасалганы маалым. Андан кийинки 2005-жылда Европанын айрым мамлекеттеринде, Грузия, жана биздеги «жоогазын революциясын», азыркы Украинадагы баш аламандыкты учурунда доллардын курсу арсан шаардан, кыйбат шаарга алып барып сатып жүрүп байыган миллиарддер Сорос каржылаган. Жада калса СССРди таркатууда да еврейлердин Рокфеллер (бу киши акчанын күчү менен 4 ирет жүрөк которуп, 105 жашка чыкандан кийин кайтыш болду) жана Ротшильд аттуу эки уруудан турган “масондук ложасы” эң зор түрткү болгону, негизинен “Кара Күзгү” кинофильминде көрсөтүлгөндөй: Великобританиянын премьер-министрин аны чочко менен жыныстык катнаш жасагандан кийин ишке бекитүү сыяктуу бүткүл дүйнөлүк саясатты… алар көзөмөлдөп тейлеп тураары жашыруун эмес. Кеп ачыгы, 1983-жылы М.Горбачев Билдерберг клубуна катышкандан кийин, анын наамына 67 млн. доллар которулгандыгын бүгүнкү күндө орустун атыйын кызматтары изилдеп, тактап чыгышты.
Ал эми өзүбүздүн тарыхка кайрылсак: кыргыз мамлекеттүүлүгүнө Ормондун орду ченемсиз экенин айтпай коюуга болбойт. Ал, казактар менен чабышта биздикилер сан жагынан аздыгына карабай түндөсү ар кайсы тоонун беттерине от жактырып, күндүзү жигиттеринин атына алтыгана сүйрөтүп, кокту-колоттон чаң уюлгутуп колдонгон согуштук тактикасы, 1943-жылдагы немис Армиясын артка чегиндируу максатында 104- Аткычтар дивизиясынын жоокерлерин бүтүндөй өлүмгө байлап (кийин үч жарадардын ичинен Баатыр кыз Манщук гана аман калгандыктан), минтип «канды булоон» Жуковдун жетишкен ийгилигине караганда алда канча жогору да, гумандуу да турат. Ошондой эле ага чейин бир тамчы кан төкпөй, анын куулук менен хан шайланышы да жогорто мен айткандарга үндөш. Себеби Ормон: белдер ачылган кезде Кеминге үч жүздөй боз үй тиктирип, баардык кыргыз урууларынан ондон ашыктан киши чакырткан. Күн сайын конокторуна 40дан жылкы сойдуруп, аларды 5 түн кармаган. Алтынчы күнү, эртең мененки тамакта уруу башчыларынын ичинен Качыке: “Ие айланайын Ормон!? Мындан мурун “алайлык туугандар кармалып жатат” дедиң элең, алардын келгени качан. Мына жай саратанда жалаң кымыз менен этке көпчүлүктүн ичи өтүп, эл кыйналып кетти. Кыргыз мейманды үч күн сыйлайт. Андан ашса кызмат кылдырат. Сен баарыбызды чогултуп, ушунча күндөн бери кыйыткан максатыңды ачык айтпайсыңбы?”- дептир. Анда Ормон: “Туура аксакал! Кокту сайын бий, болуш болуп бытыраган элдин башын бириктирип, сырт душмандарга каршы туруу үчүн кыргызга бир “кызыл тебетей” керек окшойт. Азыр менин жигиттерим жарыя айтсын. Жыйынды бүгүн баштайлы?”- деп жооп берет. Ошондо алиги Качыке аксакал: “Мен сенин оюңду түшүндүм. Минтип элдин жүгүн моюнга алууну өзүң баштадын… өзүң аягына чык. Эмесе биз сени шайладык”,- деп, кол жайганда калгандары аны коштоп баталарын берген экен.
Эми биз… кайрадан азыркы өз турмушубузга кайрылалы. Мынакей эгемендикке жетип, калпагыбызды асмандата ыргыткандан бери чейрек кылымдан ашыптыр. Мен кыргыз аттуу андан бери “Биз эмне үчүн өнүкпөйбүз?”- деген көйгөй суроого такалат. Мунун башкы себеби эски менен жаңыны бирдей алып кете турган, улутман лидер чыкпаганы, балким айрым саясатчылардын “Элдик курултай” системасын киргизүү, анан алиги президенттикке талапкелердин ичинен “таза кандуу кыргыздарды” издегени - бир карасаң жүйөөлүдөй сезилип кетет. Себеби Л.Гумилев: “Бөлөк элдин эрежесинде жашаган эл өнүкпөйт”,- деп, небак эле ташка тамга баскандай айткан экен. Ооба, кыргыз ээрчиме калк. Алсак Европанын 30 миллион долларына кызыгып “кызтекелердин” законун парламентте үч окууда өткөргөнүбүздү, ошондой эле тышкы карыз 4,2 миллиарддан ашканы жөнүндө бийлик башындагыларды таза ойлонтпогону кызык. Бизге Алмаз Шаршенович айткандай, “акчале болсо болдубу?”.
Атаңдын көрү! Кээде мен… Нурсултан Назарбаевдин жакында: “бүткүл дүйнөнүн казактарын” чогултууга кылган аракетинен кийин, көр оокаттын айынан бүткүл дүйнөгө чилдей тараган кыргыздардын турмушун ойлоп ыйлагым келет. Себеби бийликтеги кемчилик- батышты туурап, кайдагы бир начар системанын жолуна түшүп алганбызда. Эгер биз… жок дегенде “супер президенттик” башкарууну киргизип, кенедей Кыргызстанга жайнаган депутаттардын ордуна чакан санда чыныгы кесипкөй адамдарды гана тандасак… бюжетте канча каражат үнөмдөлмөк. Ал эми азыр… мен жогорто эскерткендей кыргызга кыйын, “эки дөө алышса ортосунда чымын өлөт” дегендей иш болуп турат. Мынакей улуу урматтуу Алмаз Шаршенович кетеринде жөн кетпей Текебаевге тийишип, бүткүл дүйнөлүк коомчулуктун, ООНдун алдында “демократия аралчасынын” баркын кетерди. Ал өзүн-өзү жарга кептегени бул. Жөн эле гитарасын чертип, Кой-Ташка салган “хан сарайында” чалкалап жаткысы келген күндө да, “сен кызматтан кеткенде жигитче сүйлөшөм” деген жеке Текебаев эмес, ак жерден торго чалынган 20дан ашык адамдын тарапташтары аны соо койбойт. Андыктан мурункулар сыяктуу качкыдай жери да жок. Же Садыр Жапаров китебинде жазган сыңар “мурун бизнесинин көбүн Анкарага ташыган Атамбаев” - Турциянын колдоосунан, өткөндө алар чек арада Россиянын самолётун атып түшүргөндө орустарга болуша коём деп кур жалак калгандыгы менен түшүндүрүлөт. Ага карабай КТРК жана бийлик акырынан жем жеген ММКлар “бул жерде Алмаз Шаршенович эки элдин ортосунда көпүрө болуп берет” деп чуулдап чыгышкан эле. А чын-чынында Путин менен Эрдоганды казак президенти жараштырып, Н.Назарбаев дүйнөлүк саясатчылардын катарында экенин көрсөттү. Ошондой эле түрктөрдүн: парламенттиктен кайра президенттикке өтүшү… чоң пикир келишпестик жаратты. Анан, дал ушундай арабөк: Текебаев да учурунда кесерип жарашпай, жарга кептелген соң, жакында “эки революцияны тең мен жасагам, кетсем баарысын ала кетем” деген Атамбаевдин Сорос менен жолугушканын эстеп өзүңөр жыйынтык чыгарып көргүлө кымбаттуу окурман!?
Азыр бийликтин жана жалпыбыздын алдыбызда: эки айрылыш жол турат. Мындай дегеним биринчиден “көчүгү булганган колун аянбайт”. Эгер Алмаз Шаршенович шайлоодо административдик ресурстарды колдонуудан жеңишке жетпесе, ар кандай “провокацияга” барып, өлкөгө комендаттык саат киргизип, бийлигин кармап калууга аракеттенүүсү да толук мүмкүн. Экинчиден ким эмнени тандайт? Биздин коомдогу башкы көйгөй биримдиктин жоктугун - регионализм, уруучулук оорубузду токтото алабызбы? Бу да… чоң масале. Ошондуктан келечек урпактардын астында эң жооптуу учур келгенин (атпай кыргыз журтчулугуна) эскертким келет. Ооба. Кезектеги президенттик шайлоодо да бийлик: мугалимдердин, врачтардын, бюжетте иштеген интелгенция өкүлдөрүнүн добушун колдоноору, жекеле ал эмес, жер-жерлерде азыртан: мектеп деректирлери, акимдер, башкы врачтар СДПКнын атынан үндөө жүргүзүп, эне-аталардын, ооруканада оорулуулардын добушуна чейин пайдалана турушканы маалым болуп калды. Андыктан келечек урпактардын астында милдетибизди, “кимиң болсоң аның бол, менин колум дүжүр кол” деп, акчага сатылбастан, регионализим, уруучулук оорусуна кабылбастан так аткаралы? Кымбаттуу элим! Түндүк- түштүк Ала-Тоо менин да жерим, сенин да жериң! Мүлдөбүз атпай Журт үчүн, урпактардын келечеги үчүн бөлүшкөнгө барбайлы, баардыгын байлык, кызмат, атак-даңк эмес… абийир чечип, кайрадан ишенген кишибиз Конститутцияны оңдоп, “ажыдаарга” айланып кетпегидей ТАТЫКТУУНУ ТАНДАЙЛЫ?- деп өтүнгүм келет.
Кеп аягы: “төртилтик” биригип (шайлоого чейин алардын катары дагы далай эр- азаматтарга толукталаар), “Өнүгүү-Прогресстин” лидери Б.Төрөбаев саамалыктын аталышына сынак жарыялаганын уктум. Менимче “Татыктуулар партиясы” деп койсо туура болчудай сезем.
Шах Жума, жазуучу, Булак: "Майдан. kg" гезити