Бүгүн, Кыргызстандын эгемен күнүнө арналган салтанатта президент Атамбаев сөз сүйлөдү.

 

Анда, президент, оппозициялык маанайдагы саясатчылардын короосуна адаттагыдай таш ыргытты.

 

«Биз коррупция менен күрөшүүгө чындап күрөш жүргүздүк. Мамкызматтарды мындай жаман нерседен тазалоого аракеттендик.

Айрыкча, бийликтин жогорку бутактарын. Акыркы беш жылда эле жети миңге жакын коррупциялык иштер ачыкка чыкты. Чуу чыгарган кылмыш иштери да козголду. Андай иштер жогорку даражадагы чиновниктерге арналды», - деди президент.  

 

Айтымында, мурдагыдай коррупциялык система эми кайтып келбейт. Эл да буга жол бербейт.

 

«Бирок, муну келесоо, же эс-тутумун жоготуп койгон адам гана көрө албайт», - деди ал.

 

Андан ары президен оппонеттеринин «короосуна» кирди.

 

«Албетте, бир катар саясатчылар да мындай жакшы жылыштарды көрө албай атышат, алардын эс-тутуму жоголгон, акыл-эси жок, абийири да жок. Муну оңой эле түшүндүрүүгө болот: президенттик шайлоо жакындап калды. Көптөгөн саясатчылар жалган жала менен ушак таратууга гана эмес, элдин эсебинен чиновниктер байыган мурдагы чакты кайтарып алуу үчүн, Кыргызстанды коммерциялык күркөгө айланту үчүн баарына даяр. Алар Айдар Акаев менен Максим Бакиевдин кылганын кайталагылары келет», - деди Атамбаев.