Президент Атамбаев бүгүн Кыргызстандын эгемендик күнүнө арналган салтанатта сөз сүйлөдү.

 

«Акыркы жылдары Кыргызстанда ондогон жылдар бою чечилбей келген маселелер чечилип атат. Алардын маанилүүлөрүн айтайын. Улуттук ресурстар мурдагыдай болбогон акчага сатылбай калды. Жерүй алтын кенинин лицензиясын биз 100 миллион долларга сатып, ага кошумча инвестор мурдагы лицензиянын ээсине 65 миллион сом төлөп берди. А убагында бул алтын кен 300 сомго сатылган», - деп тизмектеди Атамбаев.

  

 Ошондой эле президент жакынкы эки жылда транспорт көз карандысыздыгы боюнча иштер аткарылып бүтөөрүн кошумчалады. Айтымында, Кыргызстан транзиттик өлкөгө айланаарына аз калды.